Былтыр өлкөдө 660 млн жүргүнчү жана 60 млн тонна жүк ташылган

 Былтыр өлкөдө 660 млн жүргүнчү жана 60 млн тонна жүк ташылган

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 660 миллиондон ашык жүргүнчү жана 60 миллион тоннадан ашык жүк ташылган. Бул тууралуу маалымат Бишкекте өтүп жаткан “Кыргызстан – аймактык хаб: континенттерди бириктирүүчү” эл аралык транспорттук форумунда кабарланды.

Жыйында Кыргызстандын транспорт тармагы туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканы белгиленип, өсүш быйылкы жылы да улануу менен негизги көрсөткүчтөр боюнча болжолдуу 6–7%ды түзөрү айтылды.

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Кыргызстан транспорт тармагындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, мультимодалдык каттамдарды өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга ачык экендигин белгиледи.

“Бүгүн биз келечектүү пландар жөнүндө гана эмес, конкреттүү жыйынтыктар жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу сөз кылабыз. Бул көрсөткүчтөр масштабдуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан транспорттук тутумдун калыптанып жаткандыгынан кабар берет. Темир жол тармагында да жыл сайын ташуулардын көлөмүнүн өсүшү байкалып, инфраструктураны модернизациялоо долбоорлору ишке ашырылууда. Стратегиялык долбоор – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу ишке ашыруунун практикалык фазасына өттү”,- деди министр.

Ошондой эле ал Кыргызстан транспорт тармагын өнүктүрүүнүн үч негизги багыты катары төмөнкүлөрдү атап өттү:

  • Инфраструктура: жолдор, темир жолдор, логистикалык борборлор;
  • Технологиялар: санариптештирүү, автоматташтыруу, интеллектуалдык тутумдар;
  • Өнөктөштүк: эл аралык уюмдар жана бизнес менен кызматташуу.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюму жана Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин “Кыргызстан – аймактык хаб: континенттерди бириктирүүчү” эл аралык транспорттук форуму өтүүдө.

Связанный пост