Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзи «Үркүн» мемориалына гүлчамбар койду
Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзи Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы «Үркүн» окуясынын жана сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар койду.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кытай Эл Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев да катышты.
Белгилей кетсек, расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.