Бүгүн Кыргызстанда Кадыр түн белгиленет

 Бүгүн Кыргызстанда Кадыр түн белгиленет

Кыргызстанда Кадыр түн бүгүн 18-апрелге караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

Бул түндө шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис маселелеринен баяндар окулуп, Кадыр түн тоскондор таң атканча уктабастан, жакшылык тилешет.

Связанный пост