Бүгүн кечинде Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
![Бүгүн кечинде Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/12/320414575_720105539200147_5667850887801127479_n.jpg)
Бүгүн кечинде Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-декабрда саат 19.00дө борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи өтөт.
Буга байланыштуу Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү кечки саат алтыдан иш-чара аяктаганга чейин жабык болот.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгынды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.