Азия чемпионаты (U-20): грек-рим күрөшү боюнча спортчулар 8 медаль жеңди

 Азия чемпионаты (U-20): грек-рим күрөшү боюнча спортчулар 8 медаль жеңди
Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү (U-20) боюнча курама команда Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемпионатында 8 медаль (3 күмүш, 5 коло) жеңди.
60 кг чейинки салмак категориясында катышкан Акыл Сулайманов, 77 кг чейинки салмакта Алибек Бердиев жана 82 кг чейинки салмак категориясында Ырысбек Калиев күмүш медалга ээ болушту.
55 кг чейинки салмакта Азамат Камилжан уулу, 63 кг чейинки салмак категориясында Баяман Каримов, 72 кг чейинки салмакта АбдулазизАскарбеков, 87 кг чейинки салмак категориясында Жеңиш Жумабеков жана 130 кг чейинки салмакта Исамил Гасанов коло медаль тагынышты.
Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Рыскул Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Связанный пост