Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Биздин элдерди бириктирген жалпы руханий, маданий жана диний баалуулуктар азербайжан-кыргыз мамилелеринин негизи болуп саналат. Элдерибиздин эркине ылайык бекем пайдубалга курулган боордоштук мамилелерди мындан ары кеңейтүү боюнча жемиштүү кызматташтыкты жана биргелешкен аракеттерди ийгиликтүү улантабыз деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Связанный пост