Азамат Юсупов Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Юсупов Азамат Маматович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы болуп дайындалды.