Азамат Кадыралиев: Маморгандардагы негизсиз отчеттор кыскартылат

Мамлекеттик органдардын жүгүн жеңилдетүү максатында негизсиз отчеттор кыскартылат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-аракеттер ведомстволор аралык коммиссиянын чечиминин негизинде расмий статистикалык отчеттуулукту оптималдаштыруу, респонденттерге административдик жүктү азайтуу жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүүлүдө.
“Өзүңүздөр көрүп жүргөндөй эле, кайталанма окшош отчеттор кайра-кайра бериле берет. Буга карата пландуу текшерүүнүн бирдиктүү реестерин чыгаруу керек”,-деди ал.
Юстиция министри Аяз Баетов белгилегендей, текшерүү жүргүзгөн комиссиялардын өкүлдөрү баары биригип бир ирет текшерүү жүргүзсө жетиштүү.
“Биз ошондой эле иш сапарларындагы текшерүүлөрдү кыскартууну сунуштап жатабыз”,-деди ал.