Автобустун катышуусундагы жол кырсыгы: Бир катар жетекчилер кызматтан алынды

 Автобустун катышуусундагы жол кырсыгы: Бир катар жетекчилер кызматтан алынды

Бишкекте автобустун катышуусунда орун алган жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө аяктап, анын жыйынтыгы мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында каралды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага прокуратуранын, Бишкек ШИИББдин, Кайгуул милициясынын өкүлдөрү жана транспорт тармагынын жооптуу адистери катышты.

Кызматтык иликтөө транспорт комплексинин ишин уюштурууда жана көзөмөлдөөдө бир катар олуттуу кемчиликтер бар экенин ортого чыгарды.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев негизги максат жөн гана күнөөлүүлөрдү жазалоо эмес, мындай кырсыктарга жол бербеген системалык өзгөрүүлөрдү жасоо экенин баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө биздин милдет – күнөөлүүлөрдү жазалоо менен гана чектелбей, ишти уюштуруудагы кемчиликтерди аныктап, аларды жоюу жана мындай учурлардын кайталанышына жол бербөө”, – деди мэр.

Кеңешменин соңунда транспорт тармагына көзөмөлдү күчөтүү, электрондук жол баракчасын киргизүүнү ылдамдатуу жана ШИИББ менен ыкчам маалымат алмашууну камсыз кылуу тапшырылды.

Кабыл алынган кадрдык чечимдер:

Катуу сөгүш жарыяланды:

  • мэрдин орун басары Рамиз Алиевге;
  • Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевге.

Кызмат ордунан бошотулду:

  • Департамент директорунун орун басары Алмаз Алымбеков;
  • “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров.

Мындан сырткары, Талантбек Капаровго байланыштуу андан аркы чараларды КР Эмгек кодексинин талаптарына ылайык кароо тапшырылды.

Белгилей кетсек, Бишкекте күбөлүгүнөн ажыратылган айдоочу өспүрүмдү сүзүп кеткен.

Связанный пост