Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, “КР Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө” КР мыйзамы менен кабыл алынган КР Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 75-пунктунун “б” пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешевичке катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.Читать далее
Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык бүгүн, 12-майда саат 07:33тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында 4 баллга чейин сезилген. Учурда жер-жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.Читать далее
Туристтик мезгилдин башталышын утурлай, Ысык-Көл облусунун аймагында унаалардын саны көбөйүп, жол эрежелерин бузуу фактылары көбүрөөк байкалууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, мындай фактыларды эске алуу менен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун кооптуу жол тилкелерине дрон учурулуп, анын жардамы менен каршы тилкеге чыккан, алдыдагы унаалардан туура эмес ашып өтүү, озуп өтүү эрежелерин […]Читать далее
ФИФА президенти Жанни Инфантино өз кайрылуусунда Камчыбек Ташиевди жана Кыргыз футбол биримдигин FIFA Arena кичи аянтчасынын ачылышы менен куттуктады. “Баарыбыз жакшы көргөн футболду ойноону кыялданган ар бир уул-кыз үйрөнүү, ойноо жана өсүү үчүн коопсуз аймакка ээ болуп жатат”, – деп жазды Инфантино. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, Кыргызстан FIFA ARENA долбоору ишке кирген 11 өлкөнүн бири […]Читать далее
Катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу 2025-жылдын декабрында аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бишкек шаарындагы санитардык полигонго болгон иш сапары учурунда белгилүү болду. Мамлекет башчыга бул долбоорду ишке ашыруу таштандыларды кайра иштетүү көйгөйүн чечип, кошумча электр энергиясын өндүрүүнү камсыздай турганы маалымдалды. Бишкек мэриясынын жетекчилиги маалымдагандай, […]Читать далее
Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кадамжай районундагы “Алгакадам” суу каналынын куруунун долбоору менен таанышты. Анда Адылбек Касымалиевге Кара-Жантак айылындагы 4200 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуу боюнча иштелип чыккан долбоордун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү тааныштырылды, бул айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн кыйла жогорулатууга […]Читать далее
Кыргыз альпинисти Асел Байбагышева Эверестти багындырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, Асел Байбагышева Эверестке чыккан биринчи кыргызстандык аял болуп калды. “Асел – дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусуна Кыргызстандан чыккан биринчи айым. 11-май биздин спорт үчүн тарыхый күн. 1-2 күн ичинде альпинистибиз негизги лагерге аман-эсен түшүп алсын. […]Читать далее
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индия жана Пакистандын ортосундагы чек арага чектеш райондордо куралдуу кагылышуулар тууралуу билдирүүлөр көбөйгөнүн жана учурдагы кырдаал оор болгондугун эске алып, абал толук турукташмайынча кыргызстандарга аталган өлкөлөргө баруудан баш тартууну туура болорун кайрадан эскертет. ТИМ аталган мамлекеттердин аймагында жүргөн КР жарандарына этияттык жана коопсуздук чараларын жогорку деңгээлде сактоону сунуштайт. Ошондой эле авиация тармагындагы учурдагы чектөөлөргө байланыштуу, […]Читать далее
Бишкектеги №33 мектеп-гимназияга Казакстандын президентинин атасы Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылды
Бишкектеги №33 мектеп-гимназияга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылды. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады. Ал белгилегендей, казак жазуучусу Кемел Токаевдин ысымын ыйгаруу демилгеси мамлекет башчысы Садыр Жапаровго таандык. Ошондой эле Аскат Алагөзов маалымдагандай, Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө бул жаңылыкты Казакстандын президенти Касым-Жомарт […]Читать далее
Россия Федерациясынын аймагында жүрүп, ар кандай себептерден улам миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге (кара тизмеге) түшүп калган Кыргызстандын жарандары үчүн 2025-жылдын сентябрына чейин өзүнүн укуктук абалын жакшыртып алууга жана тизмеден чыгууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, буга президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге мигранттардын документтерин […]Читать далее