Коом

Камчыбек Ташиев 60 генерал менен жолугуп, президенттин атынан сыйлык тапшырды

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМКнын штаб-квартирасында күч түзүмдөрүнүн генералдары менен жолукту. Атайын кызматтан билдиришкендей, жолугушуу эркин форматта өтүп, ага жалпы 60 генерал катышты. Алгач чакырылган конокторго УКМКнын штаб-квартирасында чакан экскурсия уюштурулуп, алар жаңы имаратта коопсуздук кызматкерлерине түзүлгөн шарттар менен таанышты. Андан соң Ташиев […]Читать далее

Экономика

«Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу» конкурсу жарыяланды

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору өлкөбүздүн экспорттоочуларын «Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу» улуттук конкурсуна катышууга чакырат. Конкурска өлкө аймагында катталган жана кеминде бир жыл экспорттук ишмердүүлүк жүргүзгөн юридикалык жана физикалык жактар катыша алышат. Конкурстун алкагында жалпы 10 номинация каралган, ал эми жеңүүчүлөргө экспорттук потенциалын андан ары өнүктүрүүгө бағытталган каржылык […]Читать далее

Министрлер кабинети

Касымалиев: 2021-2024-жылдар аралыгында түз инвестициянын орточо жылдык көлөмү 140% ашык

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес” форумуна катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргызстандын инвестициялык стратегиясы – бул өлкөгө улуттук жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана социалдык-экологиялык максаттарды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик деңгээлде белгиленген иштердин системасы экенин билдирди. Адылбек Касымалиев өлкөдө […]Читать далее

Кадр саясаты

Бактияр Орозов ээлеген кызматынан бошотулду

Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Орозов Бактияр Сайпидинович мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее

Коом

“Санарип көчмөн” статусун алуу үчүн электрондук платформа ишке кирди

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын “Санарип көчмөн” (Digital Nomad) статусун алуу үчүн арыз берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган электрондук платформа ишке кирди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, онлайн-сервис төмөнкү дарек боюнча жеткиликтүү: http://dnomad.e-gov.kg. Чет өлкөлүк жаран адегенде платформада жеке кабинетин активдештирүү үчүн өтүнмө жөнөтөт. Жеке кабинет активдештирилгенден кийин гана «Санарип көчмөн» статусун алуу үчүн арыз берүү […]Читать далее

Экономика

Быйыл лизингге 2 миңден ашуун техника берилди

Айылдык товар өндүрүүчүлөргө, кайра иштетүү өнөр жайына техникалар менен жабдуулар лизингге берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, алар банктар тарабынан жеңилдетилген шарттарда 6% пайыз менен 7 жылдык мөөнөткө берилүүдө. Ошондой эле мамлекеттин колдоосу менен 21,8 млрд сомго 9016 даана техника лизинг менен дыйкандарга берилип, анын […]Читать далее

Кырсык

Ошто иске ууланып, үч бала каза тапты

Ошто иске ууланып, 3 бала каза тапты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-декабрда Баш-Булак айыл аймагынын 27 жаштагы Т.С. жана 8 жаштагы Б.Н. аттуу тургундары ууланып ооруканага түшкөн. Ал эми 6, 3 жана 1 жаштагы жаш балдар иске ууланып каза болгон. Алар Ош облустук ооруканага көз жумгандан кийин алып келингендиги […]Читать далее

Министрлер кабинети

“Тамчы” финансылык аймагын түзүү талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында “Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” мыйзамдын ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу жыйын болуп өттү. Белгилей кетсек, жогорудагы мыйзам “Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык аймакты жана англис укугун колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борборду түзүү […]Читать далее

Ден соолук

Министр жеке медборборлордун жетекчилери менен жолукту

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов жеке медициналык борборлордун жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө саламаттык сактоодогу жеке секторду өнүктүрүү маселелери, анын ичинде аны мындан ары өркүндөтүү концепциясы, ошондой эле медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды. Досмамбетов өлкө ичинде жеке медициналык уюмдарды өнүктүрүү калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын […]Читать далее

Коом

Алайкууда карды жиреп, мектепке бара жаткан окуучу президенттик балатыга чакырылды

Калың карды жиреп, кыйынчылыкка карабай мектепке бара жаткан 4-класстын окуучусу президенттик балатыга чакырылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров билимге умтулган, аракетчил жаштарды көргөндө өзгөчө кубанып, аларды мамлекетибиздин жаркын келечеги деп эсептейт. Социалдык тармактарда 1 метрге жакын жааган карды жиреп, кыйынчылыкка карабай […]Читать далее