Министрлер кабинети

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо үчүн макулдашууга кол коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо үчүн насыялык макулдашууга кол коюу аземине катышты. Макулдашууга “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы (Биргелешкен долбоордук компания) менен Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана ЭксимБанкынан турган Кытай Эл Республикасынын Банктар Синдикаты кол койду. […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгынын жаңы 4 жылдык планы бекитилди

Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакировдун төрагалыгы алдында 2026-2029-жылдарга Кыргызстан-Швейцария кызматташтыгы программасынын презентациясы өттү. ТИМден билдиришкендей, программа Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли Кыргызстандын мамлекеттик органдарына туруктуу экономикалык өнүгүү, мамлекеттик башкаруу, суу ресурстары, энергетика, климаттын өзгөрүүсү жана башка тармактардагы долбоорлорду камтыган кызматташтыктын жаңы программасынын негизги багыттары […]Читать далее

Экономика

3 жылда эркин экономикалык аймактарга 5,1 млрд сом инвестиция тартылды

Кыргызстандын эркин экономикалык аймактары инвестицияларды ийгиликтүү тартууну жана өндүрүштү өнүктүрүүнү улантууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров “Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес” форумунда билдирди. Анын маалыматына караганда, 2022-жылдан 2025-жылдын сентябрына чейин эркин экономикалык аймактар 5,1 млрд сомдон ашык инвестиция тарткан, ал эми бюджетке түшкөн каражаттар 10 млрд сомдон ашты. “Бүгүнкү күндө 330дан […]Читать далее

Экономика

Өлкөдө 9 негизги азык-түлүк боюнча өзүн-өзү камсыздоого анализ жүргүзүлүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанда 9 негизги социалдык маанилүү азык-түлүк боюнча өзүн-өзү камсыздоо деңгээлин аныктоо максатында кеңири талдоо жүргүзүп жатат. Ведомстводон маалымдашкандай, анализ ар бир районду камтып, натыйжада өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо кайсы товарлар боюнча ички өндүрүш жетиштүү, кайсы багыттарда кошумча колдоо талап кылынары аныкталат. Жыйналган маалыматтардын негизинде министрлик […]Читать далее

Маданият

Москвада “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли көрсөтүлдү

Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде жазылган “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы тарабынан даярдалган мюзикл “Москва” концерттик залында көрсөтүлдү. Иш-чарада аталган спектакль кыргыз элинин бай маданий жана руханий мурасын сактоого жана жайылтууга багытталганын жана Кыргызстанда Ч.Айтматовдун жылы деп […]Читать далее

Экономика

Жеке ишкерлерди онлайн кайра каттоо кызматы ишке киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жеке ишкерлерди (ЖИ) онлайн кайра каттоо кызматын ишке киргизди. Ведомствонун маалыматына караганда, эми жеке ишкерлер cabinet.salyk.kg сайты аркылуу онлайн режиминде кайра каттоо боюнча арыз тапшыра алышат. Сервис төмөнкү операцияларды камтыйт: юридикалык даректи өзгөртүү (анын ичинде башка районго өткөндө); салыктык каттоо районун өзгөртүү; салык режимин жана реквизиттерин өзгөртүү; ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн […]Читать далее

Коом

Тоолуу аймактарда жана ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 17-декабрдан 19-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Тактап айтканда: Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда; 198-255 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында; Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталы ишке кирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталын расмий түрдө тааныштырды. Презентацияны ачып жатып, минкаб башчысы мамлекеттин жарандар менен ачык жана айкын өз ара аракеттенүүсүнүн, ошондой эле калкты өз убагында жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуунун маанилүү ролун баса белгиледи. «Мамлекеттик органдар ачык-айкын жана ачык иштеши керек. Биз калкка актуалдуу жана текшерилген маалыматты жеткирүүгө […]Читать далее

Экономика

Квота менен келе турган электромобилдер башка мамлекеттерге чыкпайт

Кыргызстан үчүн квотанын негизинде келе турган 15 миң даана электромобилди башка мамлекеттерге чыгарууга болбойт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу боюнча жетектөөчү адиси Элкынан Закиров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, эгер бизге келген электромобиль Россиянын же башка өлкөнүн аймагына өтүп кете турган болсо, анда […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда күздүк дан эгиндерин себүү иштери 62,4 пайызга аткарылды

Кыргызстанда күздүк дан эгиндерин себүү жумуштары 62,4 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күздүк себүү жумуштары республика боюнча 250 миң гектар аянтка пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын ичинен 155,6 миң гектар жер айдалып, жалпы пландын 62,4 пайыз аткарылды. Күздүк дан эгиндердин ичинен буудай 147,6 […]Читать далее