Аймак

Ноокатка соода-логистикалык борбор курулат

Күн мурун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен “Мармара Стоун” ЖЧКсынын ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюлду.   Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришкендей, келишим “Ош облусунун Ноокат районунда соода-логистикалык борборун куруу жана башкаруу” долбоорунун алкагында түзүлдү.   “Долбоор заманбап соода-логистикалык борборду, анын ичинде соода жана оюн-зоок комплексин, тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларды чекене жана дүңүнөн сатуу үчүн […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан менен Англиянын банк тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев баштаган Кыргызстандын делегация иш сапары менен Лондон шаарына (Улуу Британия) барды.   Улуттук банктан билдиришкендей, иш сапардын алкагында Кубанычбек Бөкөнтаев англиялык кесиптеши Эндрю Бэйлин менен жолугушту.   Борбордук банктардын жетекчилери Улуу Британияда жана Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат маселелерин талкуулашты.   Талкуунун жүрүшүндө инфляциянын пайда болгон факторлоруна жана жөнгө салуучу […]Читать далее

Коом

Айрым ГЭСтерде реконструкция жүргүзүлүп жатканына байланыштуу электроэнергияга чектөөлөр киргизилди

Кыргызстанда 5-марттан тарта электр энергиясын берүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул Токтогул ГЭСинин 250 мегаваттагы бир агрегатын реабилитациялоо жана Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштерине байланыштуу. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.   Анын айтымында, чектөөлөр эртең менен кечинде электр энергиясы көп пайдаланылган маалда гана киргизилиши мүмкүн. “Токтогул ГЭСиндеги агрегаттар 2021-жылдан бери реабилитацияланып […]Читать далее

Коом

2024-жылы «Кыргызжылуулукэнерго» ишканасын субсидиялоого 1,7 млрд сом каралган

2024-жылга «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,7 млрд сом каралган.   Финансы министрлигинен билдиришкендей, жогоруда аталган ишкананы субсидиялоого каражат республикалык бюджеттен «Мамлекеттик ишканаларды субсидиялоо» беренеси боюнча каралган.   Анын ичинен «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынан келип түшкөн арыздардын негизинде үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 750 млн сомдук каражаттар каржыланды.   Белгилей кетсек, бул чыгашалар калк үчүн жылуулук […]Читать далее

Коом

Бишкекте дагы бир тез жардам ооруканасы түзүлөт

Күн мурун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириккен ооруканасында болду.   Ведомстводон билдиришкендей, анда жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында оорукананы кайра уюштуруу маселеси эмгек жамааты менен талкууланды.   Министр белгилегендей, калкты тейлөө чөйрөсү жана тез медициналык жардам алгандардын саны жыл сайын өсүп жатат. Ушуга байланыштуу, жүргүзүлүп жаткан Административдик-аймактык реформанын алкагында Саламаттык сактоо министрлиги […]Читать далее

Коом

Мамлекеттик инвестициянын эсебинен ӨКМге 198 өрт өчүрүүчү унаа алынды

Акыркы 3 жыл ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык базасы жаңыртылып, жаңы техникалар менен толукталды. ӨКМдин потенциалын жогорулатуу максатында эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу республикалык бюджеттен материалдык-техникалык база объекттери сатылып алынды. Airbus H125 жана Airbus H145 тик учактары сатылып алынып, ангар жана күйүүчү май куюучу комплекс курууга жана аларды камсыздандырууга 1,1 млрд сомдон ашык акча каражаты […]Читать далее

Укук тартиби

Саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин башчысы кармалды

Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүдепартаментинин жетекчиси кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.   Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” ири эл аралык долбоорун ишке ашырууда КР министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана […]Читать далее

Коом

Берлиндеги ири туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын павильону ачылды

Германияда өтүп жаткан ITB Berlin 2024 дүйнөлүк ири туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын павильону ачылды. Бул тууралуу КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.   “Кыргызстандын павильону башка стенддерден сапаттык жактан өзгөчөлөнүп, буга чейин эле көргөзмөгө келген коноктордун көңүлүн бурган. Аталган көргөзмө 8-мартка чейин уланат. Биз кызыктуу учурларды маалымдап жана көрсөтүп турабыз”, – дешти фонддон.   Кыргызстандан Туризмди […]Читать далее

Дүйнөдө

САЛТТУУ ТҮРК НАНҮШТӨСҮ: “КҮНДҮН АЛТЫН ТАМАГЫ”

САЛТТУУ ТҮРК НАНҮШТӨСҮ: “КҮНДҮН АЛТЫН ТАМАГЫ” Дүйнөнүн эң атактуу ашканаларынын бири болгон Түркия нанүштө маданияты менен өзгөчө белгилүү. Көбүнчө “Алтын тамак” деп сыпатталган салттуу түрк нанүштөсү, чынында эле, унутулгус даам, өзгөчө маанай тартуулайт. Анткени Түркиялыктар эртең мененки тамакка өзгөчө маани беришет.   Түрк нанүштө маданиятынын негиздери Салттуу түрк нанүштөсү тулум жана кашар, ошондой эле ак […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда эртең менен эки ирет жер титирөө катталды

Кытайда бүгүн эртең менен саат 06:10до күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөө Кыргызстанда дагы сезилген. Кырсыктын очогу Кытайдын аймагында — Ысык-Көлдөгү Бедел айылынан түштүк-чыгышка карай 25 км, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 72 км, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 125 км аралыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын […]Читать далее