2024-жылдын башына карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 266 бала каттоодо турат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Ошол эле учурда өткөн жылдын башында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 445 адамды түзгөн. Быйылкы жылы былтыркы жылга салыштырмалуу туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 40,2 % […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуясын эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Мындан туура 22 жыл мурун авторитардык бийликке каршы жалпы элдик козголууга түрткү берген Аксы окуясы Кыргызстандын соңку тарыхындагы кара тамга менен жазылган саясий окуялардын бири болуп калды. Ар жылы ушул күнү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын каратэ-до сётокан боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Нью-Йорк шаарында (АКШ) өткөн “EGN INTERNATIONAL KARATE NEW-YORK OPEN 2024” Эл аралык мелдешинде 12 медаль (6 алтын, 3 күмүш, 3 коло) жеңди. Мелдеш 10-март күнү өтүп, 11 мамлекеттен келген 700дөн ашык спортчу катышты. Алтын медалдын ээлери (кумитэ версиясы боюнча): Арнэл Саматов (6-7 жаш салмак Абс), […]Читать далее
Бүгүн, Ак-Буура дарыясынын жээгине Ош шаарынын символу болгон мажүрүм тал көчөттөрү отургузулду. Жалпысынан дарыянын боюна 300гө жакын мажүрүм тал көчөттөрүн эгүү болжолдонгон. Ошондой эле Ош шаарынын мэриясы «Бир жарандан – бир дарак» аттуу жалпы шаардык акциясын баштады. Калаа тургундарын сүйүктүү шаарыбызды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга активдүү катышууга чакырабыз. Белгилей кетсек, 2024-жылы шаар аймагына 300 […]Читать далее
Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашып, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик […]Читать далее
2023-жылы Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода жүгүртүү €200 млн жеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияздын MEDEF International (Франциянын орто жана чакан ишканалар ассоциациясы) уюмунун башкы директорунун орун басары Жеральдин Лямбль менен жолугушуусунда айтылды. КР тышкы саясий ведомствосунан маалымдашкандай, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана соода жүгүртүүнү жогорулатуу маселелерин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 15-мартта Бишкек шаарындагы Имам Сарахси мечитинде шам намазын окуду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымына караганда, президент ошондой эле, мечитке келгендер үчүн ооз ачар өткөрдү. Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бардык мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктады. Өз сөзүндө өлкө башчысы дин боюнча маалыматтарды атайын илими […]Читать далее
Кыргызстан 12 жылдык билим берүү моделине этабы менен өтмөй болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында маалым болду. Отурумдун күн тартибине 10дон ашык маселе киргизилген. Дүйнөлүк коомчулукта кабыл алынган билим берүү тенденцияларын жана жалпы билим берүү системасында окуу мөөнөтүн өзгөртүү аркылуу окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» […]Читать далее
2024-жылдын 1-мартына карата «Балага сүйүнчү» бир жолку төлүмүн 26 377 бала алышты, ал үчүн 105,6 млн.сом каржыланды. Ар бир бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул 4000 сомду түзөт. Эгерде бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага “балага сүйүнчү” 50 миң сомдон төлөнөт. Бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы № 1 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду. Адамдардын өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздугун жана Кыргыз Республикасынын экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын […]Читать далее