Экономика

Кыргызстанда бизнести колдоого рекорддук сумма – 3 млрд сом кепилдик

“Кепилдик фонд” ААК үстүбүздөгү жылы өзүнүн ишмердигинин бардык мезгилинде өлкөнүн бизнесине берилген кепилдиктердин кезектеги рекорддук суммасына жетишти.   Фонддон билдиришкендей, бул сумма үч миллиарддык белгиден ашып, 11-декабрга карата 3 млрд 48 млн сомду түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 2 млрд 820 млн сом деңгээлинде болгон, ал учурда эң жогорку көрсөткүч болгон.   2024-жылы берилген кепилдиктердин […]Читать далее

Аймак

Баткенде үй тибиндеги 29 бала бакча ачылды

Жыл башынан бери Баткен облусунда үй тибиндеги 29 бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, учурда бала бакчаларда 676 бөбөк тарбияланууда. “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга кызыкдар тараптарга мамлекет тарабынан жеңилдетилген шарттар каралган. Анда ишкерлер салык жана башка төлөмдөрдөн бошотулат. Баткен облусунда мектеп жашына чейинки балдардын 28%ы […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москва шаарына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Россиянын Москва шаарына келди. Жумуш сапардын алкагында үстүбүздөгү жылдын 12-13-декабрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат. Жыйындардын жүрүшүндө интеграциялык бирикмелердин алкагындагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, маданий-гуманитардык кызматташтык жана башка маселелер талкууланат.Читать далее

Президент

Садыр Жапаров: Жаңы Кыргызстанды куруу жолундагы максатыбыз – аба каттамдарын

“Жаңы Кыргызстанды куруу жолундагы биздин максатыбыз – аба транспорт тармагын өнүктүрүү, республиканын алыскы аймактарынын аба каттамдарын жандандыруу, эл-журтубуздун карым-катышына альтернативдүү жол катары ыңгайлуу шарттарды түзүү жана туризмди өнүктүрүү багытындагы эл аралык каттамдарды ачуу болуп саналат”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, “Каракол” эл аралык аэропортунун ачылыш аземинде белгиледи.   Ачылыш аземинен кийин […]Читать далее

Экономика

Жыл башынан бери өлкө боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырганда) өлкө боюнча жалпысынан керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 5,4%ды түздү. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь-ноябрь айлары үчүн 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 6,9%ды түзгөн. Мында алкоголдук ичимдиктерге жана чылымга болгон баа 10,6%га, азык-түлүк эмес товарларга – 4,9%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга […]Читать далее

Экономика

10 айда Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 13,4

2024-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 13,4 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 6,4%га көп. Cоода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорт 23,3%ды, импорт 76,7 %ды түздү. Экспорттук берүүлөрүнүн көлөмү 3,1 млрд долларды түзүп, 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 25,2%га өстү. Өлкөнүн экспортунун өсүшүнүн негизги […]Читать далее

Коом

ЖКККББ: Жол тыгындарын жоюу боюнча кеңешме өткөрүлдү

Жол тыгындарын жоюу боюнча кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.   ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин, Бишкекбашкыархитектурасынын жана район акимчиликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жайын өткөрүлдү.   Анда ЖКККББнын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Эмил Жакыпов борбор калаабыздагы жол тыгындарын чечүү […]Читать далее

Коом

Кыргызстанга Европадан 3 эшиктүү 68 автобус келе жатат

Саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстанга Европадан 68 даана жүргүнчү ташуучу автобус келет. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, автобустар азыр Кордайга жетти. “Бишкек шаарынын тургундары үчүн жакшы жаңылык. Европадан 3 эшиктүү 68 даана автобус келе жатат, учурда Кордайга келип калды. Аз күндө каттамга коюлат. Бир жыл […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери өлкө аймагында 7 муниципалдык мал базарлар курулуп,

2024-жылдын башынан бери Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлгѳн иш-чаралардын негизинде өлкө боюнча 7 жаңы муниципалдык мал базарлар курулуп, ишке берилди. Ведомстводон маалымдашкандай, алар Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов, Сокулук райондорунда, ал эми азыркы учурда дагы 5 муниципалдык мал базар курулууда, Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, райондорунда […]Читать далее

Экономика

Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы өндүрүшү 55,3 млрд сомду түздү

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы өндүрүшү 55,3 млрд сомду түздү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул 2023-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 101,8%ды түздү. Тоо-кен өндүрүшүнүн көлөмүнүн орточо өсүшү чийки мунай жана жаратылыш газын өндүрүүнүн басаңдашы менен шартталган.Читать далее