Саясат

БУУ Кыргызстандын демилгесин колдоп, Эл аралык ак илбирс күнүн кабыл

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын тийиштүү резолюциясынын негизинде 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү катары кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Урматтуу достор, силерге жакшы жаңылыгымды айта кетейин. Муну менен Бириккен улуттар уюму президент Садыр Жапаровдун Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөө демилгесин колдоп берди. […]Читать далее

Спорт

Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 14-15-декабрь күндөрү Бишкекте футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши өтөт. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, турнирге ар тармактардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалар катышары күтүлүүдө. Достук мелдеши “Газпром” спорт комплексинде өтөт. Маалыматка ылайык, быйыл турнирге 16 команда катышат. Алар: “Президенттин командасы”, “Жогорку Кеңеш”, “Көзөмөл”, “Аймактар”, “Ден-соолук”, “Коопсуздук”, “Фемида”, “Спорт чеберлери”, “Журналистер”, “Өнөр”, “Билим”, “Достук”, “Динамо”, “Ыйман”, […]Читать далее

Экономика

Электр энергиясын колдонуу Кыргызстандын тарыхында рекорддук чекке жетти

Кыргызстанда 11-12-декабрь күндөрү электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, кыштын келишим менен абанын температурасы төмөндөгөндүгүнө байланыштуу калк электр энергиясын ченемден ашык колдонууга өттү. Алсак, кечээги күнгө алынган маалымат боюнча, 3 612 МВт кубаттуулукта электр энергиясы сарпталып, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 млн кВт саатка чейин жеткен. Мындай […]Читать далее

Экономика

Чүйдө күнүнө 900 миң жумуртка өндүрүүгө жөндөмдүү ири канаттуулар фабрикасы

Ысык-Ата районунда “Три Т” асыл тукум канаттуулар заводуна караштуу ишканалардын бири болгон “Ак Канат” канаттуулар фабрикасынын экинчи фазасы ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министр Бакыт Төрөбаев ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоордун маанилүүлүгү – Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга, жумурткага […]Читать далее

Коом

16-декабрда ипотекалык үйлөрдүн ачкычы тапшырылат

16-декабрда ипотекалык үйлөрдүн ачкычы тапшырылат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания куруп баштаган көп кабаттуу үйлөр арты-артынан бүтүп, колдонууга берилет. Учурда өлкө аймагы боюнча 40 миңден ашык батирлүү үйлөр курулууда. Алардын баасы жеке курулуш компанияларга салыштырмалуу эки эсеге жакын арзан. “Мамлекет үйгө муктаждарды турак жай менен камсыз […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Москвада университеттердин биринин студенттери менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында КМШга кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен биргеликте Н.Е. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетинде болушту. Алар “Спектр” комплекси, студенттердин жашоо шарттары, коворкинг залы, “Новоселье” маалымат борбору, студенттер үчүн фуд-корт менен таанышты. Андан ары делегация башчылары “Квант парк” комплексинде болушту, анда аларга алдыңкы илимий […]Читать далее

Министрлер кабинети

Москвада өткөрүлгөн КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар

Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөрүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду. Төмөндөгү тизмеде кол коюлган документтер: – Жарандык кеме курууну өнүктүрүүдө жана кемелердин тетиктерин чыгарууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндөгү макулдашуу; – Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин пенитенциардык кызматтары үчүн кадрларды […]Читать далее

Президент

Президент унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүүгө каршы

Президенти Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүү сунушуна каршы, деп жазды президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына. Анын айтымында, бул демилгени мамлекет башчысы төмөнкү жүйөөлөрдүн негизинде колдобойт. Учурда өлкөдөгү эски унаалардын саны азайган. Такси кызматын көрсөткөндөр автоунааларынын техникалык абалы жакшы болушуна биринчи кезекте өздөрү кызыкдар. Эң башкысы, милдеттүү түрдө […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: КМШда кызматташтыктын негизги көрсөткүчү өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мейкиндигинде кызматташуунун натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү биздин өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу болуп саналат. Бул тууралуу Россиянын Москва шаарында өткөрүлгөн КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Минкаб төрагасы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын прогрессивдүү өнүгүп жатканын, ошондой эле КМШ мейкиндигинде […]Читать далее

Коом

Камчыбек Ташиев муктаж үй-бүлөгө 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жардамга муктаж үй-бүлөгө 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Буга чейин 28-октябрда 1989-жылы туулган Н.Жүдөмүшова аттуу жаран 4 бир тууганы ( 4 кыз 1 уул) менен турак жайы жок батирлеп жашап жүрүшкөндүгүн, 2002-жылы туулган жалгыз иниси 1-топтогу […]Читать далее