Президент Садыр Жапаров “КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамгаа кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамда төмөнкүдөй ченемдер каралаган: 1) кепилчилик – эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдындагы улуттук экономика субъекттеринин милдеттенмелерин аткарылышын камсыз кылуу механизми; 2) республикалык бюджеттин кирешелеринде Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин салыктык эмес […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча Бахрейн Падышалыгына расмий сапары менен келди. Мамлекет башчынын учагы Манама шаарындагы «Бахрейн» эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропортто Кыргызстандын жана Бахрейндин мамлекеттик туулары илинип, килем […]Читать далее
Тилекмат Кудайберген уулу 19-майга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Соттун маалыматына караганда, соттун бүгүнкү чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын ага тергөөчүсүнүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча айыпталган Тилекмат Кудайберген уулуна карата баш коргоо чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган. Ошентип, Кудайберген уулу тергөө жүрүп […]Читать далее
Министрлер кабинетинин токтому менен башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган унааларды Кыргызстандын аймагына кирүү (ташып кирүү), чыгуу (ташып чыгуу) жана аларды Кыргызстандын аймагында эксплуатациялоо тартиби бекитилди. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, документ расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин – 2025-жылдын 3-майынан тартып күчүнө кирет. Бул Тартип аркылуу төмөнкү маселелер жөнгө салынат: Кыргыз […]Читать далее
Бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын I кварталындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, 2025-жылдын 1-кварталында 82 млрд 966,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. Пландык көрсөткүчтөр 5,3 млрд сомго ашыкча аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 17,5 млрд сомго көбөйгөн. Жалпы сумманын 63,8 […]Читать далее
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна түшкөн таштар тазаланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 19-апрелде жааган жамгырдын кесепетинен унаа жолдун Арал – Казарман тилкесинин 287-288-чакырым аралыгында таш көчкү түшүп, жолдун эки багыты тең жабылган. №18 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары тарабынан керектүү атайын техникалар тартылып, жолдун бир тилкеси ачылды. Тоо бетинен түшкөн таштардын көлөмү чоң […]Читать далее
Ош шаарындагы “Весна” кинотеатры мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлайт. Маалыматка ылайык, Ош облусунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Ош шаарындагы “Весна” кинотеатры 0,19 га жер тилкеси менен биргеликте мыйзамсыз түрдө жеке жактардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, наркы 102 млн сомду түзгөн “Весна” кинотеатры тиешелүү жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылган.Читать далее
Өлкө боюнча буудай өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2 миң гектарга көп себилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, учурда республиканын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында жазгы талаа жумуштары активдүү уланууда. Бүгүнкү күндө жалпы 248,6 миң га жерде айдап-себүү иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен: […]Читать далее
Премиум-класстагы турак жай комплексиндеги батирлер мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан Бишкектин түштүк аймагындагы жер тилкесин курулуш үчүн мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында премиум класстагы 20 батир жана коммерциялык жайлар мамлекеттин пайдасына алынды. Тактап айтканда, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкесин курулуш компанияларына өткөрүп берүү […]Читать далее
Министрлер кабинети Мамлекеттик жарандык кызматчылардын, муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды. Мындай чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн – 2025-жылдан […]Читать далее