Республика боюнча эң жогорку продуктивдүү тооктор Чүй облусунун чарбаларында өстүрүлөт. Мамлекеттик жардам максатында, малдын жана канатуулардын тоюттары жана тоюттардын кошулмалары импортун кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган. Бүгүнкү күнгө карата республиканын аймагына коңшулаш өлкөлөрдөн импорттолгон жумурткалар катталган эмес. 2025-жылдын январь–март айларындагы жумуртканын импорту жана экспорту 1. Жумуртка 2025 жылдын үч айында 8 812 800 даана жумурутка, Казакстан Республикасына […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бахрейн Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Падышалыгынын ортосунда экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Документке Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кол койду. Меморандум эки өлкөнүн соода-экономикалык тармактардагы өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул келишимдин негизинде кызматташууну тереңдетүү, тажрыйба алмашуу […]Читать далее
Быйыл Профсоюздар федерациясынан өткөрүлүп алынган “Жети-Өгүз” курорту, “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору жана “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионаты толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, ишке берилет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Туманбаев профсоюздар федерациясынан өткөрүп алынган санаторий-курорт мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрүп, бул мекемелер толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатканын белгиледи. “Жетекчилерге эң оболу […]Читать далее
Таласта окубаган студенттерге мыйзамсыз диплом берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Айтматов райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада №13 Ч.Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейинде окууга келбеген жана Кыргызстандын аймагында болбогон 14 жаранга экзамендик баалар коюлуп, тиешелүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдор берилгени аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин […]Читать далее
Адылбек Касымалиев: Камбар-Ата ГЭС-1 Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия
Вашингтондо өткөн ЭВФ менен Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Швейцария өлкөлөр тобунун Аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев 2025-жылдын биринчи кварталында экономиканын өсүү темпин 13% түзүүгө негизделген кыргыз өкмөтүнүн амбициялуу пландары менен тааныштырды. «Бул өсүш […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Вашингтонго (Америка Кошмо Штаттары) жумушчу сапарынын алкагында Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жолугушуулар аянтчасында Европа жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк Банктын Президенти Вин Бассани менен жолугушту. Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүгү жана Кыргыз Республикасына көрсөткөн […]Читать далее
Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору Анна Бьерде менен Камбар-Ата
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Вашингтонго (Америка Кошмо Штаттары) жумушчу сапарынын алкагында Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банктын Жазгы жолугушууларынын аянтчасында Бүткүл дүйнөлүк банктын операциялык ишмердүүлүгү боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде менен жолугушту. Адылбек Касымалиев Бүткүл дүйнөлүк банкка көп жылдык үзүрлүү өнөктөштүгү жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык […]Читать далее
Бюрократиядан санарипке өтүү. Өлкөдө “Электрондук апостиль” системасын ишке киргизүү пландалууда
Кыргызстанда “Электрондук апостиль” системасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти. “Электрондук апостиль” маалыматтык системасы апостиль коюу процессин автоматташтыруу үчүн бирдиктүү санариптик платформа болуп саналат. Система бардык процессти камтыйт: апостиль коюуга арыздарды каттоодон баштап, документтердин жана ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүүгө, “Апостиль” электрондук мөөрүн тариздөөгө, аны системада каттоодон өткөрүүгө жана төлөм шлюзу […]Читать далее
Кыргызстанда өзгөчө экономикалык бирикмелер ишке кирип, дыйкан-фермерлердин керектөөсүн камсыз кыла баштайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрликтен белгилешкендей, өзгөчө экономикалык бирикмелерди ишке ашыруу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Ал чарбаларды ирилештирүү боюнча жаңы стратегиялык концепциянын алкагында жүргүзүлөт. Мында – экономикалык ишканалардын, кооперативдердин, бирикмелердин (чемпиондордун, агрегаторлордун) […]Читать далее
Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында 2024-2025-окуу жылын жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чаралар 2025-жылдын 26-майында саат 9:00 өткөрүлөт. «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт. Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. Бишкек […]Читать далее