Аймак

Ошто соодагерлерди “Келечек” базарына көчүрүү 1-мартка жылдырылды

Ош шаарындагы “Келечек” базарына соодагерлерди көчүрүү 1-мартка жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаевдин таңкы рейддик кыдыруусу учурунда билдирди. Муниципалитеттен билдиришкендей, базарды көчүрүү кыштын ызгаарында соодагерлерди кыйнабоо максатында жылдырылган. Ошондой эле мэр Ош базары, Жибек-Жолу, Келечек жана таттуулар базарындагы курулуш иштерин жеринен көрүп, кемчиликтерди тез арада чечүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары, эски аэропорттун ордуна курулган […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда Эл аралык тоо күнүнө карата иш-чаралар декадасы өтүүдө

Кыргызстанда БУУнун Башкы ассамблеясынын чечими менен жыл сайын 11-декабрда белгиленүүчү Эл аралык тоо күнүнө арналган декаданын иши уланууда. Иш-чаралар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин глобалдык программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргызстандын президентинин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлүнүн жетекчилиги алдында өткөрүлүп жатат. Он […]Читать далее

Экономика

Катарлык компания Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Катардын Al Mansour холдингинин делегациясы менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, анын ичинде финансы жана банк секторундагы багыттарды, кендерди иштетүү, агроөнөр жай комплекси, логистика, курулуш жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү багыттарын талкуулашты. Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө, “Тамчы”, “Ала-Тоо Резорт”, […]Читать далее

Экология

Кыргызстандыктарга жаңы жылдык салюттардан баш тартуу сунушталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырат. Ведомствонун маалыматы боюнча, мындай чечим пиротехниканын атмосфералык абага тийгизген терс таасирине байланыштуу. Анткени кыш мезгилинде абаны булгоочу заттардын концентрациясы кескин жогорулайт. Мындан тышкары, пиротехникалык буюмдар олуттуу көлөмдөгү тиричилик таштандыларын чыгарат жана өрт чыгуу коркунучун жогорулатат. Министрлик салюттардын ордуна заманбап экологиялык таза альтернативалар […]Читать далее

Экология

Лебединовкада пенопласт чыгарган ишкананын иши токтотулду

Лебединовка айылында экологиялык талаптарды бузган пенопласт чыгаруучу ишкананын иши токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Буга чейин Фейсбук социалдык тармактарда аталган ишканадан коюу түтүн чыгып жатканы боюнча видео тараган. Ал пенопласт чыгаруучу “Барс Аю” ЖЧК экендиги такталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ишканада чаң жана газ тазалоочу орнотмонун жоктугу аныкталган. Мындан улам ишканага […]Читать далее

Коом

ТИМ: Өлүм жазасын кайра киргизүү эл аралык милдеттенмелерден улам мүмкүн

Тышкы иштер министрлиги өлкөдө өлүм жазасын калыбына келтирүү маселесине байланыштуу Конституциялык соттун соңку чечимине түшүндүрмө таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу кайра киргизүү Баш мыйзамга каршы келет жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянак чыгарды. ТИМ белгилегендей, акыркы мезгилде балдарга жана аялдарга карата өзгөчө оор кылмыштардын көбөйүшү коомчулукту тынчсыздандырды. Каракол […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан жарандарын Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун тексти: “Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу эл аралык өнөктөштөр! Сиздерди тоо жаратылышынын улуулугу жана ага аяр мамиле жасап сактоо жоопкерчилиги идеясы дүйнө жүзүндөгү адамдарды бириктирген Эл аралык тоолор күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бүгүнкү күндө климаттык өзгөрүүлөр тоолуу аймактарда мөңгүлөрдүн эриши, кар […]Читать далее

Коом

Конституциялык сот Кыргызстанда өлүм жазасын калыбына келтирүү мүмкүн эмес деген

Бүгүн, 10-декабрда “Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча президенттин сунуштамасы каралып чыкты. Бул тууралуу Конституциялык соттон билдиришти. Ага ылайык, Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келди. Демек, “Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Сауд Арабиянын Элчисин кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радинин дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин ырасташты жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев Азербайжанда кеме куруу, мунай заттарын импорттоо боюнча сүйлөшүү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу жана мунай продуктуларын импорттоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын “Баку кеме куруучу заводу” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Руслан Талыбов менен жолукту. Анда […]Читать далее