Коом

Кыргызстанга Россиядан 1 147 тоннага жакын гумжардам келди

Кыргызстанга Россиядан 1 147 тоннага жакын гуманитардык азык-түлүк жардамы жеткирилди. Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Жардам БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу акысыз негизде берилди жана өлкө боюнча аялуу үй-бүлөлөргө таратылат. Байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы долбоорлорго катышкан болжол менен 4 600 аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилет. Алар азык-түлүк менен камсыз болуу менен […]Читать далее

Экономика

Түркия 6 айда Кыргызстанга 100 млн доллар инвестиция салды

Түркия 2025-жылдын 6 айында Кыргызстанга 100 млн доллар инвестиция салды. Бул тууралуу Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда айтты. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кеңейтилген жолугушуу EkoAvrasya фондунун колдоосу менен уюштурулуп, фонддун төрагасы Хикмет Эрен баштаган 40ка жакын ишкер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Кыргызстандагы инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү тааныштырып, либералдуу салыктык режим, […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан менен Түркиянын соода жүгүртүүсү 9 айда 1,2 млрд долларга

Кыргызстадын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара Соода палатасынын (АТO) төрагасы Гүрсел Баран менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулап, анын туруктуу оң динамикасын баса белгилешти. TÜİK маалыматы боюнча, 2025-жылдын алгачкы тогуз айында эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүсү 1,2 млрд долларды түздү. Элчи Казакбаев кыргыз […]Читать далее

Президент

С. Жапаров: Кыргызстан логистикалык чынжырларды түзүүгө катышууга даяр

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-декабрда, Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына (2025-жыл), Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган «Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечектин кызыкчылыгы үчүн максаттардын биримдиги» аттуу эл аралык форумда сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын жана жеке өзүнүн атынан боордош түркмөн элине маанилүү дата […]Читать далее

Аймак

Баткенде Шахимардан сугат системасы модернизацияланат

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Мухтар Нургазиев атындагы магистралдык каналынын башкы суу алуу курулмасында мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, эми Шахимардан ирригациялык системасын жаңылоо иштери башталат. Аталган долбоор аймактын айыл чарбасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Курулуш иштери Кадамжай районунун 2 айыл аймагын […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров эл аралык форумга катышуу үчүн Ашхабаддагы конгресс-борборго келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-декабрда Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына, Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган “Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечектин кызыкчылыгы үчүн максаттардын биримдиги” аттуу эл аралык форумга катышуу үчүн келди. Мамлекет башчысын Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Ашхабаддагы Бейтараптык монументине гүл койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-декабрда, Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Ашхабад шаарындагы Бейтараптык монументине гүл коюу аземине катышты. Азем”Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечек үчүн максаттардын биримдиги” эл аралык форумуна катышкан президенттердин, өкмөт башчылардын, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Ашхабаддагы Бейтараптык монументине гүл коюу аземи — жыл сайын 12-декабрда (Бейтараптыктын эл аралык күнү) Түркмөнстандын башчысынын […]Читать далее

Коом

Ош базарында эттин сапаты жана баасы текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Ош базарында эттин баасына мониторинг жүргүздү. Ведомстводон маалымдашкандай, анын жүрүшүндө жетекчилер базардагы эттин сапаты, коопсуздугу жана баанын кармалышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди карап, жеринде сатуучулар жана жарандар менен баарлашты. Белгилей кетсек, Ош базарында атайын социалдык дүкөн уюштурулган. Ал жерге күн […]Читать далее

Укук тартиби

Соцтармакта чагымчыл билдирүүлөрдү жазган жаран кармалды

Социалдык тармактардагы улуттар аралык мүнөздөгү чагымчыл билдирүүлөрдүн автору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат этностор аралык чыр-чатактын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында социалдык тармактарда белгилүү бир улутка карата жеке кастыгын билдирген чагымчыл билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялаган Т.А.Д. аттуу кыргыз жаранын аныктады. Анын аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп […]Читать далее

Шайлоо

БШК Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттарын каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарын каттады. Ошентип, БШКнын маалыматы боюнча Жогорку Кеңешке 87 депутат катталды. Алар: №1 округ Чыңгыз Ажибаев; Исманали Жороев; Камила Талиева. №2 округ Ырысбек Атажанов; Бактыяр Калпаев; Бурун Аманова. №3 округ Равшанбек Рысбаев; Жаныбек Аматов; Махабат Мавлянова. №4 округ Советбек Рустамбек […]Читать далее