2025-жылдын октябрь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 340,5 млн долларды түзгөн. Улуттук банктан билдиришкендей, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн келген – 321,6 млн доллар. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 18,9 млн доллар которулган. Ал эми октябрдын аягына карата Кыргызстандан башка өлкөлөргө 32,5 млн доллар которулган. Анын 29,5 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 3 млн доллары […]Читать далее
Жогорку Кеңештин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер 17-декабрда тапшырылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Маалыматка ылайык, 12-декабрда 29 көп мандаттуу округдан 87 шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө токтом кабыл алынган. №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылган болчу. Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 589 жаран […]Читать далее
Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык башкы балатынын оту салтанаттуу түрдө жандырылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, балатынын бийиктиги 30 метрди түзүп, өзгөчө дизайнда жасалгаланды. Быйыл Ош шаары жаңы жыл майрамын “Түндүк жарыгы” (Северное сияние) жарманкеси менен тосуп алууда. Борбордук аянт жомоктогудай кооздолуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн кооз фотолокациялар, даамдуу тамак-аштар жана эс алуучу жайлар уюштурулду.Читать далее
Бишкек шаарында 13-14-декабрь күндөрү Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Мурас” футболдук турнири жыйынтыкталды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө “Мурас” футзал турнири Кыргызстандын коомдук турмушунда жакшы салтка айланганын белгиледи. Ал 2021-жылы кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында биринчи турнир өткөнүн эске салды. Анда болгону 6 команда катышкан. 2022-жылы турнир расмий түрдө “Мурас” деген аталышка ээ болуп, […]Читать далее
Бүгүн, 14-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышкан салттуу «Мурас» достук футбол турниринин экинчи күнү башталды.Читать далее
Бүгүн, 13-декабрда президент Садыр Жапаров катышкан салттуу “Мурас” достук футбол турниринин биринчи күнү аяктады. Мелдештин жыйынтыгында “Президенттин командасы” “Аймактар”, “Фемида” командаларын утуп, “Элчилер” командасына утулуп, 1/4 финалга чыкты. Чейрек финалда ошондой эле “Достук”, “Өнөр”, “Аймактар”, “Спорт чеберлери”, “Ыйман”, “Иш башкармасы”, “Ден соолук” командалары да ойношот. Турнир эртең, 14-декабрда уланат. Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров президенттик […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн салттуу “Мурас” футболдук турнирине катышып жатат. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, мамлекет башчысы оюндардын ортосундагы тыныгууларда иш кагаздары менен иштеп жатат. Ошону менен бирге мамлекеттик органдардын жетекчилерин кабыл алууда.Читать далее
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда 13-14-декабрда өтүүчү футбол боюнча “Мурас” мелдеши башталды. Мамлекет башчысы бардыгын турнирдин башталышы менен куттуктап, эң күчтүү командага жеңиш каалады. Ачылыш аземи Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында өттү. Мелдешке 16 команда катышууда. Оюндар эки аянтта: Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында жана “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо […]Читать далее
Базарбаев Таалай Чолпонбекович дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Кыргызстандын Италиядагы элчиси, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ошентип, инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча […]Читать далее