Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Катар Мамлекетинин Улуттук олимпиада комитетинин Президенти шейх Жоан бин Хамад Аль Танини кабыл алды. Спорт тармагындагы кыргыз-катар кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде олимпиадалык кыймылды илгерилетүү жана спорттук инфраструктураны чыңдоо маселелери талкууланды. Садыр Жапаров Катар Мамлекети ири спорттук иш-чараларды өткөрүүдө эбегейсиз тажрыйба топтогонун жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө жана […]Читать далее
Кыргызстанда мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасы иштелип чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн Бишкекте өткөн иш-чарада билдирди. “Мугалимдерге окуучулардын жетишкендиктерине жараша эмгек акы төлөөнүн башка модели иштелип чыгат. Биз окуучулардын жетишкендиктерин чейректердин жана окуу жылдын жыйынтыгы боюнча мониторинг жүргүзөбүз. Бул үчүн бизге окуучунун санариптик күндөлүгү жетиштүү болот. Ал жерден […]Читать далее
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата 2025-жылдын 28-апрелинен тартып “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Улуу Жеңишке – 80 жыл” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 200 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg […]Читать далее
Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмушка Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жыйындар өтчү залды көрсөтүп чыкты. Тагыраагы, кыргыз парламентинин тарыхы жана депутаттардын жасап жаткан иштери тууралуу учкай кеп кылган Нурланбек Тургунбек уулу кесиптешине Жогорку Кеңештин түзүмү боюнча кыскача айтып берди. Ошону менен бирге парламенттик дипломатия бардык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө өзгөчө […]Читать далее
Кыргызстан менен Түркиянын парламенттери ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын ортосунда Парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн керектүү болгон негизги документке кол коюп, алакаларды арттырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.Читать далее
Быйыл Кыргызстанда 125 ишкана ачылып, 15 миң жумушчу орун түзүлөт. Белгилүү болгондой, былтыр, 2024-жылы өлкөдө 102 жаңы объект ишке берилген. Андан 585 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, 8 000 иш оруну түзүлгөн. Өндүрүш ишканаларынан түшкөн салык эки эсеге өсүп, былтыр 40 млрд сомго жеткен. 2025-жылга план дагы жогорулады. Ага ылайык, быйыл, 2025-жылы 128 ишкана ачылганы турат. […]Читать далее
Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий сапары менен келген Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Алгач парламент Төрагалары тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек […]Читать далее
Ошто акциздик маркасы жок 23 тонна мотор майын аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылындагы мотор майларын сактоочу кампага салыктык рейддик көзөмөл жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 3 222 583,6 сомду түзгөн, акциздик маркасы жок 23 тонна 111 литр мотор майы табылган. Бул фактынын негизинде чогултулган материалдар юридикалык баа […]Читать далее
Казакстанда Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык суу чарба объекттерин пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Казакстандын комиссиясынын 35-жыйыны болуп өттү. Кыргыз делегациясын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетектеди, ал эми Казакстандык делегацияны суу ресурстары жана ирригация вице-министри Нурлан Алдамжаров жетектеди. Тараптар Чүй жана […]Читать далее
Өлкө аймагында 21-апрелден тартып, 27-апрелге чейин 22 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, алардын ичинен: – тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 765; – мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 323; – унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 134; – жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже […]Читать далее