Президент Садыр Жапаров бүгүн 29-ноябрда, Индия Республикасынын, Европа Биримдигинин жана Япониянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Ишеним грамоталарын Индия Республикасынын элчиси Арун Кумар Чаттержи, Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон жана Япониянын элчиси Хидеки Года тапшырышты. Салтанаттын башында чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчыларын ардактуу кароол ротасы тосуп алды. Президент Садыр Жапаров […]Читать далее
Борборго 120 жаңы автобустар келгенине байланыштуу “Д” категориясындагы айдоочулар жумушка алынууда. Талапкерлер документтердин стандарттык топтомунан тышкары, автотранспортту газ кыймылдаткычы менен башкарууга уруксат берген күбөлүктү көрсөтүшү керек. Эскерте кетсек, автобустар 10,5 метрлик жана кондиционер менен жабдылган. Автобуст 26 орундуу, автоматтык берүү жана бүктөлүүчү шаты менен жабдылган. Талапкерлер бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрыла алышат: 53-17-89, 53-18-14, 0705 […]Читать далее
Бүгүн, 29-ноябрда Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык Ош шаарына жаңы мэр келди. Алмаз Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Бакытбек Жетигенов дайындалды. Бакытбек Жетигеновду КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жамаатка тааныштырып, Алмаз Мамбетовдун жасаган иштерине токтолуу менен катар мындан аркы кадамдарына ийгиликтерди каалады. Эскерте кетсек, Мамбетов Ош шаарынын мэрлик кызматында бир 1 […]Читать далее
Жыл сайын 4- декабрь “Манас” эпосу күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулуп келет. Быйыл бул күнгө карата “Манас” театры Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен манасчы Калманбет уулу Токтогулдун 170, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150, манасчы Көкчеке- Мамбетаалы Ашымбай уулунун 125, манасчы Турдумамбет Акматалиевдин 100, КР эмгек сиңирген артисти, семетейчиси Сейдене Молдокееванын […]Читать далее
Бишкекте кыргыз боксунун 95 жылдыгына арналган бокс боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Эркектер жана кыз-келиндер арасындагы мелдеш 6-10-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот. Бокс IBA эрежеси менен жүрүп, эркектер 13 салмакта (46, 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67,71,75,80, 86, 92, +92 кг) жана кыз-келиндер 12 салмакта (45, 48, 50, 52, 54, 57, 60, […]Читать далее
КР эл артисти, театр жана кино жылдызы Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына карата эскерүү кечеси 5-декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында өтөт. Эскерүү кечеге Советбек Жумадылов менен бирге иштеген инсандар, театр, кино ишмерлери, жакындары, күйөрмандары катышат. Советбек Жумадылов 1932-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тепке айылында туулуп, балалык чагы Каракол шаарында өткөн. Театрда, […]Читать далее
Товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттер 2023-жылдын 1-январынан тартып Салык кызматынын маалыматтык системасында каттоодон өтүүгө жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү. “ЭТТК” системасында каттоодон өтүү Салык кызматынын сайтындагы “жеке кабинет” аркылуу ишке ашырылат. Белгилей кетсек, “ЭТТК” маалыматтык системасы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берүүчү салык кызматынын бирдиктүү порталы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР Мыйзамынын 47-беренесине ылайык, Бакытбек Жеңишбекович Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР Мыйзамынын 47-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэри Мамбетов Алмаз Ишенбекович ээлеген кызматынан бошотулду.Читать далее
ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан жарандын жасалма акча жана баалуу кагаздарды жасоо менен алектенгендигин аныкташты. Аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен (акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары […]Читать далее