Кырсык

Ошто иске ууланып, үч бала каза тапты

Ошто иске ууланып, 3 бала каза тапты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-декабрда Баш-Булак айыл аймагынын 27 жаштагы Т.С. жана 8 жаштагы Б.Н. аттуу тургундары ууланып ооруканага түшкөн. Ал эми 6, 3 жана 1 жаштагы жаш балдар иске ууланып каза болгон. Алар Ош облустук ооруканага көз жумгандан кийин алып келингендиги […]Читать далее

Министрлер кабинети

“Тамчы” финансылык аймагын түзүү талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында “Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” мыйзамдын ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу жыйын болуп өттү. Белгилей кетсек, жогорудагы мыйзам “Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык аймакты жана англис укугун колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борборду түзүү […]Читать далее

Ден соолук

Министр жеке медборборлордун жетекчилери менен жолукту

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов жеке медициналык борборлордун жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө саламаттык сактоодогу жеке секторду өнүктүрүү маселелери, анын ичинде аны мындан ары өркүндөтүү концепциясы, ошондой эле медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды. Досмамбетов өлкө ичинде жеке медициналык уюмдарды өнүктүрүү калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын […]Читать далее

Коом

Алайкууда карды жиреп, мектепке бара жаткан окуучу президенттик балатыга чакырылды

Калың карды жиреп, кыйынчылыкка карабай мектепке бара жаткан 4-класстын окуучусу президенттик балатыга чакырылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров билимге умтулган, аракетчил жаштарды көргөндө өзгөчө кубанып, аларды мамлекетибиздин жаркын келечеги деп эсептейт. Социалдык тармактарда 1 метрге жакын жааган карды жиреп, кыйынчылыкка карабай […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Япониянын жаңы дайындалган элчисин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда Япониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рюити Хиранону ишеним грамоталарын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы Кыргызстан Японияны жакын дос жана маанилүү өнөктөш катары эсептей турганын белгилеп, өлкөлөр ортосундагы достук мамилелер жыл сайын чыңдалып жатканын өзгөчө белгиледи. Ал Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы […]Читать далее

Экономика

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 10,6 пайызга төмөндөдү

Январь-октябрда Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 12 млрд 803,5 млн долларды түздү. Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, бул 2024-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 10,6 пайызга төмөндөгөнүн билдирет. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 38,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 0,3 пайызгы төмөндөдү. 2025-жылдын январь-октябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү эң көп үлүшү Россияга (64,3 пайыз) жана […]Читать далее

Экономика

Акыркы 4 жылда пенсияны жогорулатууга 60 млрд сом жумшалды

Акыркы төрт жылда пенсияны жогорулатууга 60 млрд сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн “Пенсиялык системанын өнүгүшү: учурдагы абалы жана келечеги” аталышындагы эксперттик жолугушууда айтылды. Социалдык фонддон билдиришкендей, ошондой эле 2025-жылы пенсия төлөөгө 110,9 млрд сом каралганы, ал эми орточо пенсия 11 300 сомго чейин өскөнү белгиленди. Кыргызстандын пенсия системасынын келечегин талкуулоого […]Читать далее

Экономика

Салык кызматы: Коюлган план 12 эмес, 11 айда эле ашыгы

Быйылкы жылга Мамлекеттик салык кызматынын салык боюнча планы 268 млрд сом болсо, жыл аягына чейин 303 млрд сом чогултабыз деген максат бар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдагы 11 айдын жыйынтыгы менен 275 млрд сом салык чогултулган. “Биринчи коюлган план 12 эмес, […]Читать далее

Экономика

Тигүү тармагында расмий иштегендер аз

Өлкөдө тигүү тармагында 100 миңдеген адамдар эмгектенгени менен салык, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп расмий иштегендердин саны 9 миңдин тегерегинде. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул тармакта ачыкка чыгып иштөө убактысы да келди. “Тигүү тармагында 100 миңдеген адамдар иштейт деген сөздөр бар. Бирок, тилекке каршы […]Читать далее

Коом

Бишкекке Кытайдан 95 жаңы автобус келди

Бишкекке 95 жаңы автобус алынып келди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Белгиленгендей, Кытайдан Бишкек шаарына жеткирилген 95 жаңы автобус толугу менен ДЕПО-1дин аймагына жайгаштырылды. Ар бир автобустун узундугу 12 метрди түзүп, үч эшик менен жабдылган. Жай мезгилинде кондиционерлер, ал эми кышында жылытуу системалары иштейт. Сыйымдуулугу болжол менен 70 жүргүнчүнү түзөт.Читать далее