“Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондор эскерилди

 “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 7-апрелде “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы Апрель окуясында курман болгондор эскерилди.

 

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана апрель окуясынын баатырларынын жакындары катышты.

 

Катышуучулар мемориалга гүл коюп, куран окуп, 7-апрелдеги окуяга арналган “Таазим” музейинин экспонаттары менен таанышты.

Связанный пост