Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылында 100 орундуу бала бакча ачылды
Бүгүн, 29-августта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылында 100 орундуу бала бакча ачылды.
Аталган бала бакча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун түздөн-түз тапшырмасы менен салынып берилди.
Себеби өлкө башчысынын 2021-жылдын 18-июнда Ат-Башы районуна болгон иш сапарында Кара-Булуң айылынын эли менен жолугушууда ушул айылга бала бакча зарылдыгы боюнча айыл тургундарынан кайрылуу жолдонгон.
Президент элдин көйгөйүн туура түшүнүп, тез арада бала бакча куруп берүү тапшырмасын берген. Көп өтпөй Кара-Булуң айылынан 5500 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилип, тиешелүү документтери даярдалган. 2021-жылдын 20-октябрында тендер ачылып 42 млн 415 миң 400 сомго “НАК-Строй” ЖЧКсы жеңүүчү табылып, курулуш иштери башталган.
Эки жылга жетпеген убакытта жогорку сапаттагы бардык шарты бар заманбап бала бакчанын имараты курулуп бүттү.
Бала бакчанын ачылыш аземине катышкан Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов ачылган имарат акжолтой болуп, билимдүү, акылдуу балдар чыгуусун тилек кылды.
Президенттин тапшырмасы менен жакынкы 1-2 жылда мектептерге, бала бакчаларга болгон бардык муктаждыктарды жоюу аракеттери көрүлүп жатканын, быйыл жыл аягына чейин 100 мектептин курулушу бүткөрүлөөрүн, анын ичинде Нарын облусунан 9 мектептин, 2 бала бакчанын, 2 спорт залдын, 1 спорт комплекстин курулушу бар экенин айтты. Ошондой эле облус жетекчиси айлык маяналар да көбөйгөнүн, эми мугалимдерибиз, тарбиячыларыбыз билим берүүнүн сапатын көтөрүү аракетин көрүшү керектигин баса белгиледи.
Иш чарага катышкан райондун акими Эмилбек Абдыкадыров жана айыл аксакалдары балдардын келечеги үчүн кам көрүп, жаркыраган имаратты куруп берген өлкө башчысына терең ыраазычылык билдирип, ак баталарын беришти.