Астанада ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларын тосуп алуу аземине катышты.

 

ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин кезектеги жыйыны Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүүдө.

 

Эгемендүүлүк сарайында саммиттин катышуучуларын Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

 

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

 

Иш-чарага Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, Түркия ж. б. мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.

Связанный пост