Ашууларда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө

 Ашууларда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Ал эми Бишкек-Ош жолундагы Сосновка постунда саат 22:30дан тарта жана Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 60-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда саат 23:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө азырынча күчүндө турат.

Жеңил унааларга каттам бар.

“Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост