Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
 
			
    Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин пресс-борборунан маалымдашты.
2023-жылдын 23-майынан 24-майына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарында Чон-Ашуу ашуусу;
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
 
								 
                                     
                                    