Асел Чынбаева Баткенде Мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторлорун кеңейтүү боюнча кеңешме өткөрдү
Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева Баткен облусунда Мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторлорун кеңейтүү боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну тездетүү максатында Баткен облусунда Мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторлорун кеңейтүү боюнча кеңешме өткөрдү.
Ошондой эле Асел Чынбаева 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча Министрлер Кабинетинин “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” программасынын иш-чаралар планынын долбоорун коомдук талкуулоо боюнча тегерек үстөлгө катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарында Мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторун ишке ашыруу тажрыйбасы жана 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча Министрлер Кабинетинин программасын ишке ашыруудан алынган сабактар талкууланды.
Өлкө Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Кыргызстандын аймактарында мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө тапшырмасын аткаруу максатында, Өкмөттүк акселераторлорду кеңейтүү программасы Баткен облусунда башталды. Бардык ийгиликтүү реформалар эми Баткенден башталат.
Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тармагында да, билим берүү тармагында да комплекстүү системалык реформалар жүрүп жатканы белгиленет. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эксперттердин, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн, активист жана ишкер аялдардын биргелешкен ишинин натыйжасында Баткен облусунун алыскы жана чек арага жакын аймактарында социалдык өнүгүү кластери түзүлдү.
Министрлер Кабинетинин калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча Программасынын акселераторлору Баткен облусунда жергиликтүү бийлик тарабынан жигердүү колдоо жана реалдуу ишке ашыруу механизмдерин тапты. Талкуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин жогоруда көрсөтүлгөн демилгелерин ишке ашыруу боюнча чаралар иштелип чыгып, макулдашылды. Ошондой эле Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруу максатында шаардык мэриялардын, райондордун жана айыл өкмөттөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарына сунуштар иштелип чыккан.
Маалымат үчүн: 2023-жылдын март айында Министрлер Кабинети тарабынан «Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча мамлекеттик акселератор» ишке киргизилген, анда пилоттук режимде Бишкек шаарынын эки районундагы жаңы конуштарда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча жеке турак-жай имараттарында үй тибиндеги бала бакчаларды ачкан ишкерлер катары жеке адамдар окутулган. Санитардык жана өрт коопсуздугунун минималдуу талаптары бекитилди, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерди каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби иштелип чыгып, ишке киргизилди.
Ушул жылдын август айында «Билим берүү жөнүндө» Мыйзам кабыл алынып, мектепке чейинки билим берүү кызматын лицензиялоо жокко чыгарылды. Жаңы мыйзамга ылайык, мектепке чейинки билим берүү кызматын юридикалык жактар да, жеке жактар да көрсөтө алышат (мурда юридикалык жактарга гана уруксат берилген). Ал үчүн азыр Билим берүү жана илим министрлигине билдирүү жөнөтүп, санитардык жана өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо жетиштүү. Учурда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн кабарлоо тартиби үчүн ченемдик укуктук база, атайын санариптик портал даярдалууда, бала бакчалардын турак эмес жайларын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү санитардык ченемдерге жана эрежелерге өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” программасы 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашырууга багытталган.