“Арстанбап” пансионатынын кызматтык үйү жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды
Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен “Арстанбап” пансионатынын кызматтык үйү жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Гумкана айылындагы “Арстанбап” пансионатына таандык кызматтык турак жай жана 0,16 га жер тилкеси 2002-жылы райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын буйругунун негизинде пансионаттын жетекчиси мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде наркы 17 млн 59 миң сомду түзгөн турак жай менен жер тилкеси кайрадан мамлекеттик менчикке кайтарылып, “Арстанбап” пансионатынын балансына алынды.