Араванда тамчылатып сугаруу менен эгилген пахтанын түшүмү 2 эсеге өстү

 Араванда тамчылатып сугаруу менен эгилген пахтанын түшүмү 2 эсеге өстү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “3+2+1” долбоорунун алкагында Араван районунда тамчылатып сугаруу ыкмасы менен эгилген пахтанын түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу жогору болду.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы 3 жылда кытай сортундагы пахталар эгилип, сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу ыкмалары орнотулган. Анын натыйжасында пахтанын түшүмдүүлүгү эки эсеге өсүп, 35-40 ц/га 60-65 ц/га чейин жетүүдө.

2025-жылдын түшүмүнө кытайлык “Хунтай” компаниясынан пахтанын 8 сорту келип, лабораториялык анализ жүргүзүлүп, 3 сортко эгүүгө уруксат кагаздары берилген. Алар “Хунтай-6636”, “Хунтай-73” жана “Хунтай-Т 115” сорттору.

Жогорудагы пахтанын сорттору Араван жана Кара-Суу райондорунда жалпысынан 200 га жер аянтына эгилип, өндүрүштүк сыноодон өтүүдө.

Азыркы учурда түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Бул жылы пахта терүү иштери заманбап пахта жыйноочу комбайндар менен жүргүзүлүүдө. Эгерде кол менен терүүдө дыйкандар бир гектар пахта аянтын 3 күндө теришсе, техниканын жардамы менен бир гектар пахта аянтын бир саат ичинде эле терүүгө мүмкүндүк жаралды. Бул бир саатта комбайн менен 17 тонна түшүмдү жыйноого мүмкүнчүлүк түзөт.

Связанный пост