Апрель айынан тартып автобустун айдоочуларынын эмгек акысы 33% жогорулатылды

 Апрель айынан тартып автобустун айдоочуларынын эмгек акысы 33% жогорулатылды

Ушул жылдын апрель айынан тартып айдоочулардын эмгек акысы 33 пайызга жогорулатылды. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев коомдук транспорттун айдоочулары менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин колдонулуп келген айдоочулардын план менен иштөө системасы жоюлуп, эмгек шарттарын адилеттүү жана ачык-айкын уюштурууга шарт түзүлөт.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев накталай эмес төлөмдүн башкы артыкчылыгы келип түшкөн каражаттардын толук ачыктыгында экенин белгиледи.

“Бардык кирешелер коомдук транспортту тейлөөгө жана жаңылоого, айдоочулардын айлык акысын жогорулатууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана тармактын башка маселелерин чечүүгө жумшалат”, – деп айтты мэр.

Связанный пост