Амангелдиев француз бизнесинин өкүлдөрү менен жолукту
Парижге болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Франция — Борбор Азия” достук тобунун сенаторлору жана француз бизнесинин өкүлдөрү менен жолукту.
Сенаторлор менен болгон баарлашууда тараптар кыргыз-француз кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө артыкчылылыгына токтолушту.
Кыргыз тарап саясий диалогду чыңдоонун жана эки тараптуу кызматташуунун күн тартибин алдыга жылдыруунун олуттуу куралы катары эки өлкөнүн парламенттеринин, анын ичинде тиешелүү комитеттердин, депутаттык достук топторунун ортосундагы жана парламенттик дипломатиянын механизмдеринин алкагында байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Франциянын бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушууга AIRBUS, MEDEFINTERNATIONAL, ARTERAIL, ESLREVINGTON, VEOLIA, GLOBAL SOVEREIGNADVISORY & CO, HERBERT SMITHFREEHILLS KRAMER PARIS LLP, LAZARDFRERES, LINXENS, MND, SERGI, TYLLIUMSAS өкүлдөрү катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-француз экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүнүн перспективаларын жана биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү багыттарын талкуулашты.
Кыргыз Республикасы француз бизнеси менен кызматташууну инвестициялык потенциалды, заманбап технологияларды жана башкаруу тажрыйбасын айкалыштырган, өз ара пайдага негизделген өнөктөштүк катары карай турганы белгиленди.
Жолугушууда биргелешип иштөө үчүн эң чоң потенциалы бар тармактар, анын ичинде жашыл энергетика, авиация, фармацевтика жана ири демилгелерге каржылык колдоо көрсөтүүгө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-француз өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого жана диалогду практикалык ишке айландыруу боюнча өз ара ниеттерин ырасташты.