Амангелдиев: 2023-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион 228 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдардагы көлөмдөн бир топ ашып кетти
2023-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион 228 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдардагы көлөмдөн бир топ ашып кетти. Бул тууралуу 2024-жылдын 30-январында 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегияда КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Коллегиянын алкагында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, салык реформасы, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашууларды ишке ашыруу маселелери, айрым социалдык маанидеги товарларды мамлекеттик жөнгө салуунун жыйынтыктары, Кыргызстандардын сыноо жана метрологиялык лабораторияларынын мүмкүнчүлүктөрү, тышкы соода тармагындагы иш-чаралар, алдыдагы жылдагы милдеттер жана перспективалар каралды.
Ал ошондой эле, «бул жыйынтыкка жетүү үчүн ата мекендик бизнести жана тейлөө тармагында иштегендерди колдоо керек. Мунун баары салык реформасы аркылуу ишке ашат. Биз буга чейин экономикабыздын көмүскө сектору 70%дан 80%га чейин экенин айтканбыз. Ал эми акыркы эки жылда фискалдаштыруу саясаты өз жыйынтыгын берип, 2022-жылдын аягында экономиканын өсүү темпи 9%ды түздү. Демек, бул бизге 1,75% өсүш берет, демек ИДП 2023-жылы 1 триллион 228 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылдардагы көлөмдөн бир топ жогору”, – деп баса белгиледи министр.