Жыл башынан бери дыйкандарга 41 даана техника лизинг жолу аркылуу берилди

 Жыл башынан бери дыйкандарга 41 даана техника лизинг жолу аркылуу берилди

2024-жылдын 8-январынан 30-январына чейин 593 миллион сомго 41 даана техника дыйкандарга лизинг жолу аркылуу берилди. Бул тууралуу КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Бүгүнкү күндө “Айыл Банк” ачык акционердик коому аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндар, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлор жана башка айыл чарба шаймандары жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9 % менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингге берүүдө.
Эске салсак, дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, жалпы 13,7 млрд. сомго 6617 даана техника берилген.

Связанный пост