Алымкадыр Бейшеналиев: Бүгүнкү күндө республикада 5500 медициналык кызматкер жетишпейт

 Алымкадыр Бейшеналиев: Бүгүнкү күндө республикада 5500 медициналык кызматкер жетишпейт

“Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобу калктын сапаттуу дары каражаттарына жана медициналык лабораториялык   кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу багытында аткарылып жаткан иштер, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты угушту.

Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн маалыматы боюнча, бул маселелер боюнча маалыматты саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Жылдыз Садырбаева Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишмердүүлүгүнө көңүл буруп, анын ишмердүүлүгүндөгү жеке жоопкерчилик тууралуу маселени көтөрдү. Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, бул үчүн жоопкерчиликти Саламаттыкты сактоо министрлиги алат. Мындан тышкары, депутат рак оорусун дарылоо үчүн дары-дармектердин жетишсиздиги тууралуу маселени көтөрдү.

Депутат Талайбек Масабиров медициналык мекемелердеги санариптештирүү тууралуу суроолорду берди. Депутат Кундузбек Сулайманов Кара-Көлдөгү оорукананын абалы боюнча маселени айтып, буга чейин министр ал жакта оңдоо иштерин жүргүзүүгө убада бергенин белгиледи. Депутат Чынберди Толонов калктын бир катар категорияларына дары-дармектерди арзандатылган баада берүү маселесин белгиледи. Министр “Эламан” мамлекеттик дарыканасынан дары-дармектерди 50-70% арзандатуу менен сатып ала турган калктын 5 категориясы бар деп жооп берди.

Депутат Шаирбек Ташиев “Эламан” дарыканаларында дары-дармектердин тизмесин көбөйтүү керектигин белгиледи. Депутат Надира Нарматова мамлекеттик “Эламан”дарыканаларын ачуунун каржылык маселесин тактады. Ал ар бир бурчта дарыкана ачылып жатканына кубанбоо керектигин, анын ордуна оорулардын алдын алуу, калкка сергек жашоо образы жана үй жаныбарларынан жугуучу оорулар жөнүндө маалымат берүү зарыл экенин баса белгиледи.

Депутат Алишер Козуев республикадагы медициналык мекемелерди бириктирүү боюнча реформанын жыйынтыгы, медиктердин эмгек акысын жогорулатуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан медициналык мекемелерди каржылоо тууралуу суроолорду узатты. Ошондой эле ал Ош шаарындагы кургак учукка каршы оорукананын имараты тууралуу көйгөйдү көтөрдү. Депутат Бакытбек Марипов ар бир райондун борборунда мамлекеттик дарыканаларды ачуу керектигин белгилеп, Ош облусунун Ноокат районунда медициналык кычкылтек өндүрүү заводун ачуу маселесин тактады. Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева аймактарды медициналык кадрлар менен камсыз кылуу маселесин чечүүгө басым жасады. Министр бүгүнкү күндө республикада 5500 медициналык кызматкер жетишпейт деп жооп берип, кадрлардын тартыштыгын кыскартуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле депутат Арсланбек Эгембердиев “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү, 60 млн сомдук дары-дармек каражаттары боюнча билдирмелердин аткарылышы тууралуу кеп козгоп, бардык позициялар боюнча дары каражаттары сатып алынбай жатканын баса белгиледи. “Май айынан бери “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы онкологиялык оорулуулар үчүн бардык дары-дармектер сатылып алынганын айтып келет. Бирок адистештирилген медициналык жайларда дары-дармектер жок”, – деди депутат. “Кыргызфармация” МИнин директору бардык препараттар сатылып алынганын айтып, алар сертификациялангандан кийин өтүнмөлөр аткарыларына ишендирди.

Депутат Медербек Саккараев үч жыл мурда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин Чүй облусундагы көчмө жыйынында Чүй жана Кемин райондорунда саламаттык сактоо системасындагы бир катар көйгөйлөр көтөрүлгөнүн эске салды. Депутат Ырысбек Атажанов Баткен облусунун Кадамжай районундагы медициналык мекемелердин абалы жана ачылышы тууралуу айтып, төрөт үйлөрү, дары-дармектер менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Депутат Илимбек Кубанычбеков дары-дармектер менен камсыздоого, “Кыргызфармация”мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө көңүл бурду.

Связанный пост