“Алтын казык” брендиндеги ноутбуктардын сапаты текшерилүүдө

 “Алтын казык” брендиндеги ноутбуктардын сапаты текшерилүүдө

Жыл жаңыргандан бери мугалимдерге бериле турган “Алтын казык” брендиндеги ноутбуктардын техникалык талаптарга шайкештиги текшерилүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнү компетенттүү адистерден турган комиссия жүргүзүүдө.

Комиссия мүчөлөрү ноутбуктарды иштетип көрүп, аларга жүктөлгөн программалык продуктылардын актуалдуулугун текшерип, техникалык талаптарга шайкештигин аныкташууда.

Коюлган талаптарга жооп берген ноутбуктардын алгачкы партиясы бүгүн, 22-январда Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Ноутбуктардын кийинки партиялары жыл ичинде министрликтин башка аймактык билим берүү бөлүмдөрүнө да белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет.

Эске сала кетсек, бул ноутбуктар И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинин базасында чогултулган.

Связанный пост