Алгачкы жолу Супара-Түрк дүйнөсүнүн этнокулинария фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 5- июнь күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин координациясында, ТҮРКСОЙ Эл аралык түрк маданияты уюму жана “Супара” этнографиялык комплексинин алдындагы “Supara Chunkurchak” энторезортунун уюштуруусунда “Супара- түрк дүйнөсүнүн этнокулинария фестивалы” алгычкы ирет өтүп жатат.
Фестивалга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Түрк маданияты (Түрксой)-эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, “Супара” этнокомлексинин башкы директору Жаңылсынзат Турганбаева баш болгон бир катар коомдук, маданий ишмерлер жана этнокомплексте эс алып аткандар катышышты.
Фестивалда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан, Венгрия, Македония өлкөлөрүнүн белгилүү ашпозчулары улуттук тамак-аштарды жасап, калыстардын сынына коюшат.
Бул иш-чаранын максаты-түрк маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон тамак-аш маданиятын жандандыруу, унутта калган азык-түлүктөрдү кеңири таанытуу, гастрономиялык туризмди өнүктүрүү…
Алгач ашпозчулар диаспора өкүлдөрүнүн коштоосунда чыгып, тааныштырылып, өнөрпоздор тарабынан концерттик программа жана театралдаштырылган пролог тартууланган соң иш-чараны ачуу үчүн сөз Кайрат Иманалиевге, Султан Раевге, Жаңылсызнат Тургунбаевага берилди.
Министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев маданияттын дагы бир бөлүгү болгон дасторкон маданияты экенин белгилеп, ар бир элде тамак тартуунун, ага кол салуунун, дасторкон четинде өзүн алып жүрүүнүн өзүнүн эрежелери бар. Бүгүн кыргыз дасторконуна түрк тилдүү элдердин улуттук тамак-ашы жайылып, өзгөчө сынак болуп атат. Сынакты демилгелегендерге ыраазычылык билдирем жана катышуучуларга ийгилик каалайм”-деп сынакты ачык деп жарыялады.
Султан Раев ата-бабалар ак дасторкондо тил табышып, мамиле куруп, ынтымакка келишкенин айтып, “дасторкон биз үчүн жашоо образ, философия, ар бир улут өзүнүн улуттук тамакөаштарын кастарлап келишет. Бул иш-чаранын башкы максаты- унутта калган азыктарды жайылтуу, ар бир улуттун тамак-аш маданиятынын өзгөчө филасофиясын көрсотүү”-деди.
Жанылсызнат Тургунбаева азыр жашообузда тез даярдалчу азыктар кучак жайып турган учурда биз өзүбүздүн экологиялык жактан таза болгон тамак-аштардын көөнө маданиятын көбүрөөк жайылтышыбыз керек экендигин белгилеп өттү.
Бүгүнкү иш-чаранын аталышы “”Супара-Түрк дүйнөсүнүн этнокулинария фестивалы”-деп аталышы жөн жерден эмес, себеби, Супара деген сөз түрк тилдүү элдерде бир маанини белдирет.

Связанный пост