Аламүдүндөгү Эмгек жана эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районунун Полевое айылындагы В.Ленин атындагы жеке дыйкан чарбасынын Эмгек жана эс алуу лагери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Эмгек жана эс алуу лагерин 3,22 га жер тилкеси жана имараты менен бирге жеке менчикке өткөрүп беришкен берилип кеткен.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, менчик ээси социалдык объектиге өзүнүн мыйзамсыз негизде ээлик кылып пайдаланып келгендигин мойнуна алып, өз ыктыяры менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун А.Сыдыков айыл аймагынын балансына өткөрүп берди.

Связанный пост