Аламүдүндө асфальт чыгарган заводдун иши токтотулду

Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылындагы асфальт чыгарган заводдун иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Буга чейин Курулуш министрлиги тарабынан Таш-Дөбө айылына төшөлгөн жаңы асфальт текшерилип, сапаты төмөн экендиги аныкталган. Мындан улам асфальт чыгарган “Ысык-Көл дорстрой” ЖЧК текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө заводдон өндүрүлүп жаткан продукциянын курамы, техникасы, шайкештик сертификаттары каралды. Жыйынтыгында асфальт мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп бербей тургандыгы аныкталды.
Курулуш министрлиги тарабынан акт түзүлүп, бузууларды жоюу боюнча жазма эскертме берилди. Ошондой эле коюлган талаптар аткарылганга чейин заводдун иши токтотулду.
Мындан тышкары, протоколдун негизинде айып пул салынды.