Аламүдүн районунда алдоо жолу менен автоунааны айдап кеткен жаран кармалды

 Аламүдүн районунда алдоо жолу менен автоунааны айдап кеткен жаран кармалды

Аламудун РИИБке арыз менен Э.Ч. аттуу жаран кайрылып, А.А. аттуу жаран 2022-жылдын 1-сентябрь күнү жумуштар менен барып келейин деп алдоо жолу менен Мазда Демио автоунаасын айдап кетип, ошол бойдон изин жашырып кеткенин билдирип чара көрүүнү суранган.
Аталган факт Аламүдүн РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
19 сентябрь күнү Аламудун РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү болгон 1993-жылы туулган А.А. жүргөн жери такталып, ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост