“Ала-Тоо Резорт” долбоору үчүн расмий логотипти иштеп чыгууга конкурс жарыяланды

 “Ала-Тоо Резорт” долбоору үчүн расмий логотипти иштеп чыгууга конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик маанидеги “Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” долбоору үчүн расмий логотипти (эн белги) иштеп чыгууга ачык конкурс жарыялайт.
Конкурстун максаты – Кыргызстандын улуттук маданий жана табияттык баалуулуктарын, тоолордун рухун, Ысык-Көлдүн тазалыгын, туруктуу туризм концепциясын жана Кыргыз Республикасынын улуттук символу болгон ак илбирсти чагылдырган заманбап, таасирдүү жана эсте каларлык визуалдык символду иштеп чыгуу.
Конкурска Кыргыз Республикасынан дизайнерлер, сүрөтчүлөр, архитекторлор, студенттер, кесипкөй дизайн-студиялар жана чыгармачыл бирикмелер катыша алат.
Конкурстун мыкты иши мамлекеттик маанидеги “Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” долбоорунун расмий логотиби (эн белгиси) болуп бекитилет жана бренддин бардык визуалдык коммуникацияларында колдонулат. Жеңүүчүгө акчалай сыйлык жана логотиптин автору катары расмий таанылуу ыйгарылат. Ошондой эле жеңүүчү менен брендбукту жана фирмалык айдентикти иштеп чыгуу боюнча келишим түзүү каралат.
Мыкты деп табылган эн белги буйрутма берген тараптын менчигине өтөт жана аны коммерциялык же коммерциялык эмес максаттарда колдонууга укуктуу. Логотипке уюштуруучулардын демилгеси менен майда өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Жеңүүчүгө берилүүчү акчалай сыйлыктын өлчөмү – _50 000_______ сом.
Конкурсанттардын эскиздерин кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 3-ноябрынан, 17-ноябрына чейин.
Иштер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
дарек: Бишкек, Логвиненко көчөсү, 55А
же электрондук почта аркылуу: alatooresort@gmail.com
(темага «Конкурс үчүн» деп көрсөтүү талап кылынат).
Конкурстун Жобосу жана расмий логотипти иштеп чыгууга техникалык тапшырма менен төмөнкү даректен таанышууга жана жүктөп алууга болот:
🌐 www.alatooresort.kg

 

Мамлекеттик маанидеги “Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” долбоору үчүн фирмалык логотипти иштеп чыгуу боюнча ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

1. Долбоор жөнүндө жалпы маалымат
Уюштуруучу:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы
Брендинг объектиси:
Мамлекеттик маанидеги “Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” долбоору
Логотиптин максаты:
Кыргызстандын жаратылыштык, маданий жана туристтик өзгөчөлүгүн чагылдырган, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги заманбап улуттук тоо курортунун аброюн көрсөткөн уникалдуу визуалдык символ түзүү.

2. Логотипти иштеп чыгуунун максаттары жана милдеттери
2.1. Максат:
Төмөнкүлөргө ылайык фирмалык белги жана айдентика системасын иштеп чыгуу:
– Мамлекеттик маанидеги “Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” долбоорунун расмий символу болуу;
– бардык визуалдык коммуникациянын бренддик негизин түзүү;
– улуттук жана эл аралык туристтик рынокто таанымал символ болуу.
2.2. Негизги милдеттер:
– Кыргызстандын тоолорунун күчүн, жаратылыштын тазалыгын жана экологиялык гармониясын берүү;
– бийиктик, күч, тынчтык жана «Ала-Тоо» тоо кыркаларынын идеяларын чагылдыруу;
– бардык чөйрөлөрдө (имарат фасаддарынан тартып санарип медиага чейин) колдонууга ылайыктуу, заманбап жана универсалдуу визуалдык образ түзүү;
– логотипти үч тилге (кыргыз, орус, англис) ылайыкташтыруу;
– мамлекеттик масштаб, ишенимдүүлүк жана сапат түшүнүктөрү менен ассоциация түзүү.

3. Логотиптин мазмундук жана символикалык негиздери
3.1. Башкы идея:
Логотип үч маанилүү өлчөмдү айкалыштырыш керек:
4. Жаратылыштык: үч тоо чокусу (Жыргалан, Ак-Булак, Боз-Учук), кардын тазалыгы, күндүн энергиясы, тоо этектерин чагылдырган сызыктар;
5. Улуттук: кыргыз орнаменттери, Теңир-Тоонун символдору, Кыргызстандын табиятынан алынган түстөр, ак илбирстин элементтери;
6. Заманбап: минимализмге жана эл аралык эстетикага шайкеш таза графикалык стиль (мисалы, Davos, St. Moritz, Manzherok, Shymbulak өңдүү курорттор сыяктуу).
3.2. Мүмкүн болгон визуалдык метафоралар:
– үч чоку (үч сызык, үч үч бурчтук ж.б.у.с.);
– үч нурдан турган кар бүртүкчөсү;
– тоо менен толкун айкалышы (Ысык-Көлдүн символу);
– орнаменттик чоку (улуттук мотивди геометриялык белгиге айландыруу).

4. Логотипке коюлуучу негизги талаптар
4.1. Композиция:
– Жөнөкөй, оңой масштабдалуучу жана эстен чыкпаган форма болушу керек;
– Белги (эмблема) жана тексттик логотип өз алдынча колдонууга ылайыктуу болушу зарыл;
Логотип үч тилде жазылышы керек (мисалы):
– Ала-Тоо Резорт
– Ala-Too Rezort
4.2. Техникалык мүнөздөмөлөр:
Форматтар: AI, EPS, SVG (вектордук), PNG, PDF, JPG (растордук).
Версиялар:
– негизги түстүү;
– монохром (ак жана кара);
– инверттелген (кара фондо колдонуу үчүн);
– компакттуу (текстсиз эмблема/иконка);
– горизонталдык жана вертикалдык композициялар.

4.3. Типография:
– Заманбап, калыңдыгы бирдей, окумдуу шрифт (кирилл жана латын алфавиттеринде);
– Үч тил үчүн бирдиктүү шрифт колдонууга мүмкүн;
– Стиль — таза, геометриялык жана ишенимдүү (мисалы Montserrat, Inter, Noto Sans же атайын иштелген шрифт).

5. Аткаруучуга коюлуучу талаптар
5.1. Жасалма интеллект технологияларын колдонууга чектөө:
Аткаруучу логотипти, фирмалык белгини, графикалык элементтерди жана айдентиканын башка объекттерин иштеп чыгууда генеративдик жасалма интеллектке негизделген платформаларды (мисалы: Midjourney, DALL-E, Stable Diffusion, Leonardo AI, Firefly жана башка ушул сыяктуу программаларды) колдонбоого милдеттүү.
Иш толугу менен кол менен, профессионалдык графикалык программалардын жардамы менен (Adobe Illustrator, CorelDRAW, Figma ж.б.) аткарылышы керек.
5.2. Аткаруучунун декларациясы:
Аткаруучу логотип генеративдик ИИ системаларын колдонбостон өз колу менен иштелип чыкканын тастыктаган жазуу жүзүндөгү кепилдик (гаранттык кат) берет.

6. Уюштуруучуга өткөрүлүп берилүүчү материалдар
Аткаруучу төмөнкүлөрдү тапшырууга милдеттүү:
1. Негизги логотип — түстүү, монохром жана инверс версияларда (AI, EPS, SVG, PNG, PDF форматтарында);
2. Логотипти колдонуу боюнча жетекчилик (Brand Manual / Guidelines), анда камтылат:
– логотиптин түзүмү жана шрифттери;
– түстүк спецификациялар (CMYK, RGB, RAL, Pantone);
– масштаб жана четтөө эрежелери;
– туура эмес колдонууга тыюу салуу;
– колдонуу үлгүлөрү (шаблондор).
3. Кошумча материалдар:
– концепциянын кыскача түшүндүрмөсү (1–2 абзац);
– логотипти колдонуу макеттеринин мисалдары (фасад, кийим, байрак, визитка ж.б.);
– бардык графикалык элементтердин баштапкы файлдары;
– вектордук форматтагы файлдар (AI, EPS, SVG);
– иш процессиндеги файлдар (катмарлар, версиялар, караламалар);
– ортоңку эскиздер, скетчтер же наброскалар;
– файлдардын метадаталары (түзүлгөн күнү, программа версиясы, автор ж.б.).

7. Иштерди баалоо критерийлери
1. Долбоордун тематикасы жана максаттарына шайкештик – 30 баллга чейин;
2. Оригиналдуулук жана уникалдуулук – 25 баллга чейин;
3. Эстетика, композиция жана окумдуулук – 20 баллга чейин;
4. Универсалдуулук жана адаптивдүүлүк – 15 баллга чейин;
5. Техникалык аткаруунун тууралыгы жана файлдардын сапаты – 10 баллга чейин.
6. Максималдуу упай – 100 балл.

10. Логотип варианттарын тапшыруу жана тандоо тартиби
Ар бир катышуучу 3 логотипке чейин сунуштай алат;
Ар бир вариант 1 бетке чейин кыскача концепциялык түшүндүрмө менен коштолот;
Жыйынтык тандоо Конкурстук комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт;
Жеңүүчү аныкталгандан кийин автордук укуктарды өткөрүп берүү боюнча келишим түзүлөт (КРнын «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» Мыйзамына ылайык);
* Уюштуруучу сунушталган иштердин эч бирин тандабоо жана конкурсту өтпөй калды деп табуу укугун өзүндө калтырат.

11. Укуктук талаптар
Логотиптин бардык элементтери оригиналдуу болушу жана үчүнчү жактардын укуктарын бузбашы керек;
Логотипке болгон өзгөчө мүлктүк укуктар Уюштуруучуга өткөрүлөт;
Аткаруучу логотипти коммерциялык максатта колдонууга чектөө жок экенин тастыктайт.

12. Иш аткаруу мөөнөттөрү
Этап Мазмуну Мөөнөтү
1 Конкурсанттардын эскиздерин кабыл алуу (портал аркылуу) 03.11.2025-17.11.2025
2 Жеңүүчүнү тандоо жана макулдашуу 20.11.2025 чейин
3 Жеңүүчү менен келишим түзүү, баардык материалдарды Уюштуручууга өткөрөп берүү 24.11.2025 чейин

13. Уюштууручунун байланыш маалыматы
Аты-жөнү: Тилеков Өмүрбек
Кызматы: сатып алуулар боюнча адис
Телефон: 996 705 63 53 63

Связанный пост