Ала-Букадагы сел эки унааны жана эки көпүрөнү агызып кеткен

 Ала-Букадагы сел эки унааны жана эки көпүрөнү агызып кеткен

Ала-Букадагы сел эки унааны жана эки көпүрөнү агызып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында мөндүр аралаш жамгырдан улам кокту-колоттордон сел жүрүп, 2 ички унаа өтүүчү көпүрөнү жана 2 жеңил унааны агызып кеткен. Жабыр тарткандар жок.

Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 2 оор инженердик техника тартылып, ички жолдор калыбына келтирилип, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарына баруучу жол эки тараптуу ачылды.

Жеринде Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тарабынан тактоо жумуштары жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.

Связанный пост