Ала-Букада чек арачылар үчүн кызматтык батирлердин курулушу башталды
Бүгүн Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын “Баймак” автожол көзөмөл өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери үчүн кызматтык үйлөрдүн курулушу башталды.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, чек арачылар үчүн үч блоктон турган 30 батирлүү турак-жай комплекси курулат.
Капсула салуу иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгын башчысы Каныбек Досмамбетов, жергиликтүү бийлик, чек ара кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.
Аталган турак жай комплекси Ала-Бука районунун Ызар айылында жайгашып, жергиликтүү ишкер Улан Максымбеков тарабынан каржыланууда. Курулуш иштерин ушул жылдын соңуна чейин бүткөрүү пландалган.