Ала-Бука районунда таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод ачылды
Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод ишке берилди. Бүгүн анын ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышты.
Демилге облустун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 18 млн. 540 миң сом акча каражат бөлүнгөн. Ага катар жергиликтүү бюджеттен 6,5 млн сом жана 8 гектар жер аянты ажыратылган.
Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, таштандыны кайра иштетүүчү завод облус аймагында алгачкылардан болуп ишке берилгенин белгиледи. Долбоор азыркы учурдагы орчундуу көйгөйлөрдүн бири болгон таштандыдан арылуу, андан пайдалуу заттарды өндүрүүдөгү артыкчылыктуу аракет экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, кичи заводко Ала-Бука жана коңшулаш жакынкы айылдардын, эки тоо кен компаниянын таштандылары чогултулуп, кайра иштетилет. Андан жер семирткич, мазут жана газ өндүрүү пландалган. Мындагы жайда техникалык база да уюштурулган.