Ала-Бука районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча 126,3 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, ЖалалАбад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.
Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ала-Бука райондук финансы башкармалыгы, Ала-Бука районунун айыл аймактары жана райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылган.
Ала-Бука районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 126 млн 343,1 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Бузуулардын классификатору боюнча бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун туура келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 780,0миң сом;














Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн жер балансындагы 0,68 га жер участогун менчикке берүүдө 2171,6 миң сомдук бюджеттик жоготуулар боюнча материалдар, Ала-Бука айыл өкмөтундөгү бак-дарак категориясындагы жерледи мөөнөтсүз 49 жылга ижара акысыз пайдаланууга берилип, 8035,0 миң сомдук бюджеттик жоготууга жол берилген фактылар боюнча материалдар, Көк-Таш айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган курулуш иштериндеги 19254,5 миң сомдук бузуулар, 2815,0 миң сомдук негизсиз чыгымдар, “Көк-Таш техсервис” муниципалдык ишканасындагы 2010,0 миң сомдук каржы бузуулар жана “Көк-Таш тазалык” муниципалдык ишканасындагы 1385,0 миң сомдук каржы бузуулар, Көк-Серек айыл өкмөтүндөгү курулуш иштерине 16420,4 миң сомдук кошуп жазуулар, жалпы 52091,5 миң сомдук каржы бузуулар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн, Жалал-Абад областтык прокуратурасына жөнөтүлөт.