Ала-Бука-Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот

 Ала-Бука-Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот
Ала-Бука-Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот. Бул тууралуу КР ТжКМнин басма сөз кызматы билдирди.
КР Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Жалал-Абад жана Ош облусуна иш сапары менен барды. Жумушчу сапарынын алкагында мекеме жетекчиси Ала-Бука-Чаткал унаа жолунун абалы менен таанышып, Президенттин колдоосу менен аталган автожолду асфальттоо каралганын, иш жакынкы арада башталарын билдирди. Белгилей кетсек, Ала-Бука-Чаткал унаа жолу совет мезгилинен бери оңдолгон эмес.
Мындан тышкары, министр Тилек Текебаев Жогорку Кеңештин депутаттары жана аймакты тейлеген жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери менен биргеликте Таш-Көмүр-Ак-Суу-Жаңы-Талап унаа жолунун абалы менен таанышып келди. Абалды жеринен көргөн министр алдыда аткарыла турган иштер туурасында кеп козгоп, жол тейлөө ишканаларынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.

Связанный пост