Акжол Махмудов Сербияда өткөн турнирде алтын медаль тагынды

 Акжол Махмудов Сербияда өткөн турнирде алтын медаль тагынды
Акжол Махмудов 5-августта Сербиянын Белград шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.
77 киллограмга чейинки салмак категориясында Акжол Махмудов алгач 1/4 финалында венгриялык балдан Золтан Левайды жеңип алды.
Андан соң, жарым финалда Махмудов Венгриянын дагы бир өкүлү Аттила Тосмагини жеңип финалга чыкты.
Чечүүчү беттеште учурдагы дүйнөнүн чемпиону 27 жаштагы Орусия чемпионатынын коло байге ээси Адлет Тюлюбаевди жеңди.
Жыйынтыктоочу беттеште Махмудов 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Связанный пост