Акыркы коңгуроо: Баткенде 14 миңден ашуун бүтүрүүчү мектепти аяктады

 Акыркы коңгуроо: Баткенде 14 миңден ашуун бүтүрүүчү мектепти аяктады

Баткенде 14 миңден ашуун бүтүрүүчү мектепти аяктады. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Баткен облусунун бардык билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” аземи салтанатуу белгиленди.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров Раззаков шаарындагы √1- мектеп гимназиясынын “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышып, окуучуларды,бүтүрүүчүлөрдү,мугалимдерди куттуктап, ишинде ийгиликтерди жараткан мугалимдерге облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин сыйлыктарын тапшырды.

Белгилей кетсек, 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен облуста 9 бүтүрүүчү “Алтын тамга”артыкчылык күбөлүгүнө ээ болушту.

Быйылкы окуу жылын облуста 14695 бүтүрүүчү аяктоодо, анын ичинен 5163 11-класстын бутүрүүчүлөрү, 9532 9-класстын бүтүрүүчүлөрү болуп саналат.

Облуста 256 мектепте 117 миң окуучуга 8470 мугалим билим тарбия берип келет.

Связанный пост